Акыркы макалалар

“Нонсенс” – учурдагы актердун тагдырын чагылдырган тасма


 “Нонсенс” – учурдагы актердун тагдырын чагылдырган тасма

17-ноябрь кыргыз киносунун 71-жылдыгы жана кыргыз киночуларынын күнү борбордогу Кино үйүндө өттү. Бул салтанатта кыргыз режиссерлорунун корифейи Геннадий Базаровдун “Нонсенс” аттуу жаңы тасмасынын бетачаары болду. Фильмди көргөн ар бир көрүүчү учурдагы кыргыз актерлорунун жан дүйнөсүндөгү чындык, баёолук жана ошондой эле жумушсуздук маселесин чагылдыргандыгына күбө болду.

Актердун баео дүйнөсү таштак жолдо...

“Нонсенс” аттуу толук метраждуу тасма негизинен эле философиялык ой-жүгүртүүнү чагылдырган мааниси жана идеясы төп келишкен чыгарма экендигин ар бир көрүүчүгө тастыктай алды. Бул турмуштун ачуу чындыгы көрсөтүлгөн, заманбап социалдык драма. Тасманын режиссеру Геннадий Базаров көпчүлүккө белгилүү болгондой жеңил-желпи тасмаларды тартуудан алыс. Анын тарткан тасмалары ушул убакка чейин көрүүчүлөрдүн көз жаздымында калбай келет. Фильмдин аты айтып тургандай эле кино драмалык жанрды камтыйт. Анда киносынчылар бул тасманы учурдагы актердун тагдыры, талантын баалагандыгын белгилесе, бир катарлары кыргыз киночуларына телегейи тегиз жана азыркы жаштарга сабак боло тургандай сапаттуу тасма экендигин билдиришти. Бул кинотасмада башкы каарман, актер Исанын ролун Кыргыз эл артисти Эгемберди Бекболиев ойногон.

Башкы каарманды экрандан эң жакшы көргөн артисттик кесибинен четтетилген, акчасы жок куу турмуштун, азаптын айынан аялы менен ажырашып жаткан жеринен кездештиребиз. Исанын жубайынын ролун актриса Назира Мамбетова да куп келиштире аткарган.

Президенттин тууганы болгон Иса жана Чымкоргон

Актер жубайы экөөнүн кадимкидей эле ашканада сүйлөшүп турганда, кайгылуу азапка чөгүп, айла издеген көрүнүшүн көрүүгө болот. Таланты ташкындап турса да акчанын айынан бир жерге жумушка орношот. Жетекчисинин ролун актер Марат Алышпаев ойнойт. Аны менен катар кыргыздын таанымал жана мыкты Мукамбет Токтобаев, Замир Сооронбаев, Жамиля Сыдыкбаева сыяктуу актерлору тасманын көркүн ачышкан. Алар бул тасмада байлыгына манчыркаган, алдым-жуттум адамдардын образын ачып берүүгө далалат жасагандыгы көрүнүп турат. Андан тышкары бул тасмадан “какайганга какайгын төбөң көккө жеткенче, эңкейгенге эңкейгин башың жерге тийгенче” дегендей маанини туюндургандай сезилди. Анткени жумушка орношкон жердеги жетекчисинин достору кафеге келип майрамдашат, ичишет, жешет ошол учурда жетекчиси Исаны олтургандарга “бул артист” деп тааныштырат. Олтургандардын ичинен көпкөн бирөөсү “артистсиңби, кана анда бизди күлдүрчү” деп мыскылдайт. Ошондо ага чыдабаган Иса ыр менен шылдыңына жооп берет. Ошол жерден алар “сен артистсиң, сен президенттин тууганы болосуң” дешип аябай шылдыңдашат. Баёо Иса алардын сөзүнө ишенип калат. Андан көп узабай эле, Иса чын эле Ак үйдү көздөй бет алат. Ал жерге барып, “мен президенттин тууганы болом, мага кирүүгө болобу?”,- деп суранат. Аны жан сакчылар унаага олтургузуп, психикалык жактан жабыр тарткандар дарыланчу Чымкоргонго алып барып, “бир бөлмөгө президент тууганыңызды кабыл алыңыз” дешет да түртүп, киргизип жиберишет. Ошондо Иса калпты чындай көрүп, ишенип калгандыгына өкүнөт. Ал жерден качып чыгат. Чыгаары менен учуп-күйүп жетекчисине келет, келсе алар дагы майрамдашып олтурушкан экен, барып эле “мени президенттин тууганы деп эмнеге калп айттыңыз?”,-десе, олтурган досторунун дагы бирөөсү, “жок, сен Англиянын ханышасынын жээнисиң”, дейт, баары каткырып күлүшөт. Ошондо арданганына чыдабай Иса бөтөлкөдөгү аракты стаканга куюп, ичип жиберет да акыйкаттык, чынчылдык туурасында ыр айтып чыгып кетет. Ошентсе да жашоодон сынып калбастан, адамдык кейпинен кетип калбай, тескерисинче, сапатын сактап калган. Көп азаптарды, кыйынчылыктарды башынан өткөргөн Иса акырында жашоону жаңыча баштайт.

Тасма туурасында режиссер эмне дейт?

Корифей режиссер жана сценарист Геннадий Базаров ушундай тасманы тартууну көптөн бери ойлоп жүргөн. Анда чоң эргүү менен эмгектенгендигин, акча үчүн эмес, адамдын жан дүйнөсүнө из калтыра турган мыкты тасма тарткыбыз келди дейт ал. Фильм 15 күндө тартылган, бирок бир эпизодун тартуу үчүн төрт жарым ай күтүүгө туура келген. Жамгыр жаап жатканда Иса аялдамада жаандын токтошун күтүп турган жери бар эле, мына ошол эпизодду тартуу үчүн көпкө кармалышкан экен.

Тасма тууралуу киночөйрөсүндөгү адамдардын пикири

-Жамал Сейдакматова, актриса:

-Бул кыргыз киносунун күнүндө ушундай жаңы тасманын көрсөтүлүшү албетте жакшы. Геннадий Садырович чындыгында эле абдан кайраттуу инсан экен. 70 жашка келсе да, изденүү үстүндө жана камерасын колунан түшүрбөй фильм аркасынан фильм жаратып жатат. Тасма курч багытта чагылдырылыптыр, ооруган жерге ок тие тургандай курч мааниде экендигин көрдүм. Азыр мен дароо эле бул тасма мындай экен деп дароо эле айта койбойм. Бирок тасмада азыркы кезде тепселенген эч кандай баалуулукка жетпей кыйналган тагдырды көрсөтүптүр. Анан актер кино аркылуу өзүнүн үнүн билдирип жаткандан кийин, бул чыгармачыл таланттуу режиссер экендигинен кабар берет. Мен буга абдан ыраазымын. Рахматымды гана айткым келет.

Альбина Имашева, тасмада роль ойногон актриса:

-Бул “Нонсенс” киносунда максатына жетпей калып, жеңил жашоого ык алган каармандын образын жараттым. Ошондой эле режиссерубуз Геннадий Садырович менен иштешкениме өтө кубанычтамын жана дагы анын ушул ролду мага ишенип бергендиги үчүн өтө сыймыктанып жатам. Бул тасма боюнча айта кете турган болсом, Геннадий Садыровичтин өзүнүн көз-карашы, башкача философиялык бир турмушту башкача көз-караш менен карайт ошондуктан бул тасманы чакан чөйрөдө көрүүгө болот. Анткени, көп эле көрүүчүлөр бул тасманы түшүнө бербейт. Себеби, бул артисттин жашоосундагы кыйынчылыктарынын бир эле үзүмү болушу керек.

Асель Жураева, жаш режиссер:

-Бүгүн бардык киночуларды, киночөйрөсүндө иштеген адистерди майрамы менен куттуктайм. Мен өзүм негизи даректүү тасмаларды көп тартам. Ошон үчүн мындай улуу кишилерге сын-пикир айта албайм. Алгач ал деңгээлге жетишим керек. Ага дагы көп-көп эмгектенишим зарыл. Ошон үчүн тасма туурасында азыр эле жаман же жакшы дей албайм. Бирок режиссер бир актердун жашоосун, тагдырын жана чынчылдыгын аны менен катар актердун ички дүйнөсүндө болуп жаткан жакшылыкка жетүү максаты бар экендигин көрсөтүүгө, жеткирүүгө аракет жасагандыгы көрүнүп турат.

Айбек Жангазиев, тасманын продюсери жана оператору:

-Бул тасманы философиялык жагынан алып чыгалы деген максатыбыз бар болчу. Ошон үчүн кинонун аты “Нонсенс” болуп жатпайбы. Бул фильм бүгүнкү турмушту чагылдырат. Тасманы атайын кыргыз киночуларынын күнүнө карата көрсөтүүгө жетишип калууга аракеттендик. Ал эми фильмдин режиссеру туурасында айтсам, Геннадий Базаров деген өзү классик режиссер эмеспи. Ошон үчүн анын бардык чыгармаларынын деңгээли жогору болуп турат. Бүгүнкү жаш режиссер же оператор болобу тартып жаткан балдар болсо, ушуну көрүп үйрөнсүн. Мен Геннадий менен чогуу бир топ кинолордо иштештим. Ошондуктан аны менен 5-6 тасма тарттык. Чогуу иштештик. Ал бардык иштерге кийлигише бербейт.

ДАЯРДАГАН САМАРА КАБЫЛБЕКОВА

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...