Акыркы макалалар

«Атамдын чөйрөсү абдан чоң тарбия берди...»

«Атамдын чөйрөсү абдан чоң тарбия берди...»

"Саясаттан сырткары" программасынын кезектеги коногу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Канат Сыдыков болду.

«Сүт, кырмычык, курут, кымыз...»

Менин балалык чагым Нарын облусунун Ат-Башы районунда өткөн. Анткени ал жерде менин таятам, таенелерим жашаган. Анан таякемдин колунда калып калдым. Ошол жерде 6 жашка чейин балалыгым өткөн. Жайлоодо өткөргөн эң жакшы күндөрүм азыр деле эсимде. Анткени мен ойлойм, ошол учурдагы ичкен сүт, жеген кырмычык, курут жана кымыз, ошонун баары калыптанып жаткан учурда мага эң эле чоң пайда берди болуш керек. Азыркы учурга чейин ден соолугумдун сактыгы жана бекемдиги, физикалык жагынан жакшы болуп, азыркы учурга чейин жүргөнүм - бул ошол балачактагы жайлоодогу жакшы мезгилдерде ошондой кыргыздын экологиялык жактан таза, сонун, таттуу даамдарын татып жүргөн үчүн деп ойлойм.

«Уулум менин эрмегим...»

Менин үй-бүлөм чакан. Эки уулум, бир кызым бар. Биринчи уулум 1989-жылкы. Ал азыр окууну бүтүрүп, жумушта иштеп жатат. Кызым болсо 1991-жылкы. Ал да турмушка чыккан. Ошол улуу уулумдан жана кызымдан азыр 3 неберем бар. Анан биздин өзүбүздүн колубузда көкүрөк күчүк кичинекей төрт жарым жашта дагы кичинекей уулум бар. Ал мен өзүм 49 жашта болгондо төрөлүп калды. Кичинекей уулум биздин жаныбызда жүрүп, эрмек болот бизге. Алган жарым, жубайым – Анара. Ал Кыргыз улуттук китепканасында иштейт. Азыр болсо эки улуурак балдарым өзүнүн турмушун куруп, өзүнүн үй-бүлөлөрү менен жашашат. Үйдө болсо биз үчөөбүзбүз.

«Адистикти тандоо оңой болгон...»

Балким, ошол кезде кээ бир адамдарга жашоо кыйынырак болгон болсо, чындап айтканда атамдын уулу болгонум үчүн материалдык жагынан, тарбия, окуу жагынан, айтор, турмушумдагы баштапкы мезгилдерде, бутума туруп жаткан учурда бир топ жеңилдиктер болду. Анткени мен өзүм тогузунчу класста окуп жаткан кезде эле көбүнчө адабиятка, тилге кызыгып, өзгөчө орус тилдүү мектепте окуп калганыма байланыштуу орустардын классикасын окуп алып, анан ошого кызыгып, чыгармаларды, прозаларды, ырларды жана башка дагы көп нерселерди жактырып калган үчүн ушуга кызыгып кирип кеткен учурларым болгон. Ошон үчүн мен 10-классты бүткөндөн кийин мага адистик таңдоо маселе болгон деле жок. Мен түз эле филология факультетинде, Кыргыз улуттук университетинде окуйм деген даярдыгым менен баргам. Анан ал оюм ишке ашты. Ошол жерде окудум. Окуп бүткөндөн кийин аспирантурага өтүп, ушул университетте калып, иштеп калдым. Ал эми жаш кез. 23 жаштагы балдарды азыр карасам, кандай кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан учурлары болот, турмуш куруу кыйын, жумушту жаңыдан башташ кыйын, ошол учурларда мен анча кыйналган эмес экенмин. 27 жашка чейин үйлөнбөй, жанына туруп, бүт диссертицияны даярдап алганга чейин мүмкүнчүлүк болгон үчүн мен атама ыраазымын. Ошондой жаштык болгон деп айтсам болот. Жаштыктын ичинде жакшы студенттик кездер бар. Союз учурунда студенттик кезде жайкы мезгилдеги строй отряддар, анын ичинде өзүм командир болуп иштегем учурум болгон. Ысык-Көлгө строй отрядка барган күндөрүбүз болду. Жакшы мезгилдердин баарын баштан өткөргөнбүз.

Бул программанын уландысын сайттан окуй аласыздар (сүрөттөрү тиркелген).

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...