Акыркы макалалар

Өлкөдө жаш балдардын 18 пайызынын бою өспөй калган

Өлкөдө жаш балдардын 18 пайызынын бою өспөй калган

Ар бир адам баласы өзү каалаган азыктар менен тамактанууга укуктуу. Кең пейил кыргыз элинин калыптанып калган бир адаты бар. Албетте бул өзүнө кыйбаган кымбат азыктарын сактап олтуруп, коногуна берүү. Үйгө мейман келсе, дасторконун кенен жайып, колунда баарын төгүп, ачылып-чачылган кыргыз үй-бүлөсү демейки күндөрү тамак-ашка аяр мамиле жасашат. Акыркы мезгилде сүтүн сатып, пайда табышты көздөп, өз үйлөрүндө айран уютуп, каймак жегенди да унутуп калгандар бар. Бүгүнкү «Дабагер» уктуруусунда жаш балдардын тамактануусу жана натыйжасында зыян алып келүүчү оорулар туурасында Улуттук Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчисинин орун басары Турсун Мамырбаева менен кеңири маек курдук.

-Жакшы өсүп-жетилип, жигердүү иштеп, ден соолугу чың болуш үчүн туура тамактануу өтө зарыл. Себеби, пайдалуу тамактануу-организмди керектүү заттар менен чыңдап, көптөгөн оорулардан сактайт. Негизи эле туура тамактануу деген эмне?

-Туура тамактануунун эң биринчи эрежеси бул - ар түрдүү тамактарды ичүү керек. Медицина боюнча тамактарды бир нече топко бөлөбүз.

Биринчи топко: дан азыктары менен картөшкө.

Экинчи топко: мөмө-жемиштер, жашылча өсүмдүктөр.

Үчүнчү топтор: эт, сүт азыктары.

Төртүнчү топко: май азыктары кирет.

Ар бир адам жана жаш балдарга берген тамакта төрт топтогу азыктардын болушу шарт. Айрыкча өсүп келе жаткан балдарга жашына жараша жана анын табигый муктаждыгына байланыштуу тамакка көбүрөөк көңүл бурулушу зарыл. Ал эми кичинекей балдарды алсак, эки жашка чейинки ымыркайларды, алты айга чейин эне сүтү менен багуу болуп эсептелинет. Ага чейин буламык, суу башка тамактарды берүү туура эмес болот. Ал эми алты айдан баштап, 3-4 жолу кошумча тамак жана эне сүтүн бериш керек. Сегиз, тогуз айдан баштап, балага беш маал тамак берүү каралган. Колдон келсе эки жашка чейин эмизүү абдан жакшы. Мындан кийин чоң кишилер эмне жесе, балдар деле ошону менен тамактанганга болот. Бирок, эң негизги шарт тамактар ар түрдүү болуш керек. Жогоруда айтылган төрт топтогу азыктар менен тамактануу бала үчүн пайдалуу. Чоң кишилердин туура тамактануусу жашына жана кылган жумушуна карата. Оор жумушта иштегендер күчтүү, көп тамак жейт. Бирок ченеп жебесе, көпчүлүгү 30 жаштан кийин толуп кетүүсү мүмкүн. Ошондой эле май менен кантты ченеп, азыраак өлчөмдө жегендиги зарыл.

-Маалыматтарга ылайык, өлкө аймагында беш жашка чейинки балдардын 18 пайызынын бою өспөй калган экен. Буга дагы туура эмес тамактануу себеп болушу мүмкүнбү?

-Биринчи жолу 2006-жылы Улуттук статистика комитети ушундай изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Ошондой эле ар алты жылда эл аралык уюмдар менен биргеликте изилдөө жүргүзүп турат. 2012-жылда чыккан маалыматка караганда, Кыргызстан беш жашка чейинки балдардын 18 пайызынын бою жакшы өспөй калган. Бул түздөн-түз жеген тамагына байланыштуу болот. Себеби беш жашка чейинки балдардын тулку боюнун өсүшү, айрыкча салмак алышы жалгыз эле жеген тамагынан көз каранды. Азыктанган тамагында көптөгөн микроэлементтер болбосо, сөзсүз түрдө боюнун өсүшү начарлайт. Эгерде тамагынын калориясы жакшы болуп, темир жетишсиз болсо, каны аз болуп калат. Беш жашка чейинки балдардын боюна аябай маани буруш керек. Себеби, боюнун өсүшү ички организмдин өсүшүнөн кабар берет. Негизи балдардын баш мээсинин 75 пайызы түйүлдүктө калыптанат. Ошон үчүн кош бойлуу кезде аялдар пайдалуу тамактарды жеш керек. Ал аялдан дени сак бала төрөлөт. Акыркы жылдары өлкөдө майып балдар көп төрөлүүдө. Ошондуктан таза, витаминдүү жана микроэлементтери бар тамактарды көбүрөөк жегиле деп сунуштайт элем. Балдар биздин келечек!

Маегиңизге рахмат!

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...