Акыркы макалалар

Жогорку Кеңеш кийинки аптада мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү жана өлкөнүн санариптик берүүгө өтүү маселелерин талкуулайт

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун башчылыгында парламенттин Координациялык кеңеши бүгүн, 10-октябрда 2014-жылдын 15-16-октябрь күндөрүндөгү Жогорку Кеңеш жыйындарынын күн тартибинин долбоорлорун бекитти.Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кийинки аптада парламентчилер «Билим берүү уюмдарынынын кызматкерлеринин эмгек акысы жөнүндө» жана «Санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтом долбоорлорун карайт. Ошондой эле КР Байкоочу кеңешинин жылдык отчетун угуу пландаштырылууда. Мындан сырткары, эл өкүлдөрүнүн кароосуна Балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоору сунушталат.

Ошону менен катар күн тартиптерине бир катар мыйзам долбоорлору, анын ичинде, «Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишмердүүлүккө Кыргыз Республикасынын катышуусунун негиздери жана тартиби тууралуу» мыйзамга, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга түзөтүүлөр киргизилди.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...