Акыркы макалалар

Депутат Ниязалиева өкмөт башчысына министрлерди өз алдынча дайындоо укугун берүү сунушун киргизди

Осмонбек Артыкбаевдин энергетика министри кызматынан татаал мезгилде кетиши министрлерди дайындоо бышып жетиле электигин ачыктап койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты, социалдык саясат боюнча комитеттин башчысы Дамира Ниязалиева жума күнү билдирди.

«Энергетика министринин күз-кыш мезгилинде кетиши министрлерди дайындоо али бышып жете электигин ачыктап койду. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев министрлерди өз алдынча дайындаса туура болот, өз командасын өзү топтоп алса тигил же бул тармактын көйгөйлөрү үчүн баардыгы жоопкерчиликтүү болмок», - деди Ниязалиева.

Эскерте кетсек, кечээ, 9-октябрда энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев кызматтан кетти.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...