Акыркы макалалар

Салянова Улуу Британиянын юстиция министри менен Бакиев тууралуу сүйлөшүштү

Кечээ, 9-октябрда Башкы прокурор Аида Салянова Улуу Британиянын юстиция министри Лорд Эдвард Фолкс менен жолугушкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтык, Максим Бакиевге тийиштүү маселелерди талкуулашкан. Башкы прокурор учурда Максим Бакиев боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген бир катар соттук чечимдер бар экенин белгилеген. Ошондой эле, Биринчи Май райондук сотунун 2014-жылдын 4-апрелиндеги чечими менен М.Бакиев (Улуу Британиянын жараны Шон Дейлини өлтүрүүгө аракетти уюштурганы үчүн) сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылганын айткан. Жолугушуу жыйынтыгында тараптар КРнын Тышкы иштер министрлиги, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында кызматташтыкты мындан ары да улантууну макулдашышкан.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...