Акыркы макалалар

Жалал-Абад-Казарман унаа жолунда кар күрткүсү топтолуп, унаалардын катташына кыйынчылык жараткан

Сузак районунда 2014-жылдын 9-октябрында саат 23:00 чамасында Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 84-85-86-чакырымдарында кар күрткүсү топтолуп калып, Жалал-Абад шаарынан Казарман айылын көздөп бара жаткан 12 автоунаа 60 адамы менен өтө албай жолдо калган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Унаа жолун кар күрткүдөн тазалоого Сузак райондук ЖЭМ-31 (ДЭП-31) тарабынан 1 грейдер жана 1 бульдозер, Тогуз-Торо райондук ЖЭМ-18 тарабынан 1 бульдозер тартылып, жолдорду тазалап, токтоп калган автоунааларга Жалал-Абад шаарына кайра артка кайтып кетүүгө шарт түзүп беришкен.

Ошондой эле ЖЭМ-31 кызматкерлери тарабынан жолдо турган адамдардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жолдо турган адамдар автоунаалары менен Жалал-Абад шаарына артка кайтып кетишкен.

Маалымат иретинде: Жалал-Абад–Казарман унаажолу Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администращия башчысы-акимдин 2014-жылдын 8-октябрындагы №160 “б” буйругунун негизинде адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында 2015-жылдын жаз айларына чейин убактылуу жабылган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...