Акыркы макалалар

Жүрөк жылыткан жакшылык

Жүрөк жылыткан жакшылык

Боорукерлик менен кайрымдуулукту бул кудайдан гана коркуп арууланчу касиет эмес ал накта турмушта бири-бирибизге жүрөгүбүздү жылыткан жагымдуу мамиле түзө билүүдөгү кудуреттүү күч катары баалап, көп жылдардан бери кыргызстандыктарга айтып түгөткүс жакшылыктарын жасап келе жаткан Бүткүл дүйнөлүк жаштар Ассамблеясынын президентинин орун басары Ахмад Рамазан жетектеген топ өткөн аптада Нарын шаарында болуп, адаттагы кайрымдуулугун көрсөтүп кайтышты. Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №7 орто мектепте өткөн жолугушууга райондордон келишкен атасынан айрылган балдар-кыздар алардын энелери келишти. Адегенде алардын көзү өтүп кеткен аталарынын арбактарына багышталып куран окулуп, Гимн ырдалган соң ардактуу мейман мындай деди:

- Бисмиллаахир рахмаанир рахиим. Мен сиздер менен көрүшүп турганыма абдан кубанычтуумун, жүзүңөрдөн кубанычты, бактылуулукту көрсөк биз да өзүбүздү бактылуу сезебиз. Биз жүрөгүңөргө жылуулук салгыбыз келет. Улуу Мухаммад пайгамбарыбыз (Алейхис саллату вассалам) өз осуяттарында “Кимде- ким жетимдин маңдайынан сылап жардам берсе ал тиги дүйнөдө мени менен бейиште бирге болот” деп айткан. Өзүнүн дагы бир осуятында: ”Ата-энелер үчүн өз балдарына жакшы тарбия берүүдөн өткөн мыкты мурас жок» деген. Бактылуулук дегенибиз бул ыйман. Мен силерге ошону тилейм.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Шалтаев Рысбек ажы, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын Нарын облусундагы өкүлү Заирбек Ашырбаев башка региондордон климаттык татаал шарты менен айырмаланган жергебиздеги атасынан айрылган балдарга боор толгоп, ай сайын 1000 сомдон жана кымбат баалуу кийимдерди берип келе жаткан Саид Баюми жетектеген ассамблеянын жалпы кызматкерлерине мындай соопчулуктун кайрымы тийип, өз жашоолорунда да бактылуу болушуна тилектерин жолдошту. Соңунда Нарын шаар, районунан жана Ат-Башыдан келишкен 119 балага кышкы жылуу курткалар жана эки айдын акчасы 2 миң сомдон таратылды. Мындай кайрымдуулук менен гана чектелбестен балдарынын маңдайларынан сылап, пайгамбарыбыздын осуяттарынан айтып, ыйманга үндөгөн насааттары менен жүрөктөргө жылуулук уялаткан боорукер адамдарга энелер да алкыштарын айтышып, баталарын беришти.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...