Акыркы макалалар

Мейманкана талашка чекит коюла элек

Мейманкана талашка чекит коюла элек

“Ак-Кеме” мейманканасынын айланасындагы талашка алиге чекит коюла элек. Эларалык арбитраждык сот чечимин ишке ашырууга киришкен Канаданын Онтарио соту “Кыргызалтын” акционердик коомунун акцияларын камакка алгандан кийин кыргыз өкмөтү түркиялык “Систем Мюхендислик” компаниясына 11 миллион доллар акча төлөп берүү чечимине келген. Бирок да бюджеттик акчаларды антип ара жолдон башка ишке сарптап ийүү мыйзамга кайчы келерин айтып чыккан айрым парламент өкүлдөрүнө жооп кылып “Кыргызалтын” акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Т. Мамытов түркиялык компанияга бир тыйын да акча которула электигин ырастады. “Кыргызалтын” жетекчиси ушу маалда Москвада канадалык компания өкүлдөрү менен биргелешкен “Кумтөр” алтын кен ишканасын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Ал эми “Ак-Кеме” отелинин, жаңыдан иштей баштаган кезинде “Пынара” атын алып жүргөн заманбап мейманкананын айланасындагы талаштын узунсабак өзүнчө тарых-таржымасы бар. Кыргызстан эгемендик алган жылдары Түркиядан келген 49,2 миллион доллар туугандык колун сунган өлкөнүн бекер акчасындай кыргыз аткаминерлерин абыдан кубанткан. Анан да а кезде кредитти өкмөт атынан алуу өнөгөсү жаңыдан жайылып, карызды кайтаруу кайра келип эле элдин мойнуна, бюджетке оор жүк болуп отурары эч кимди ойлонткон деле эмес. Айтса, кыргыз аткаминерлеринин кулкунуна куюлуп кеткен ошол каражаттын кыйласын 2011-жылы Түркия кечип ийди. А бирок алынган акчанын жарымына жакыны коммерциялык түзүмдөргө кеткен, ал жерде бекер делген акчанын ээси чыкты. Элүү миллионго жакын доллардын 8,7 миллиону Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасынын курулушуна жумшалган. Бул эми 1993-жылы башталган иш.

Кыргыз-түрк ишкерлери биргелешип орток ишкана түптөп, мейманкана курулушу башталат. Кыргызстан тараптан “Ак-Кеме” жабык акционердик коому, түркиялыктардан - “Систем Мюхендислик Иншаат ве Тижаарет А.Ш.” Тараптар алынган карыз акчаны кайтаруунун милдет-шартын тактап, курулуш башталгандан тарта ортодон түшүнбөстүктөр, нааразылыктар чыгат. Нааразылык акчадан, өнөктөштөрдүн бирөөнүн убада кылган акчаны төлөбөй койгонунан тутанат. Ошентип 1996-1998-жылдар жалаң талаш-тартыштар менен өтөт. Убада кылган акчасын алып келбегенин шылтоо кылып кыргыз тарап түркиялык жарнакташтарын четтетип, өз жериндеги мейманканага ээ чыгат.

Бирок да алынган кредитти убагында кайтаруу милдеттенмесин алган мейманкана ээлери мамлекеттик бюджетке кредит акчаны төлөбөйт, карыз акчаны кайтаруу келишимин аткарбай коёт. Түркиялык ишкерлерди четтетип мейманканага ээ чыккан кыргыз ишкерлери карыз акчаны кайтарбай койгон соң 1998-жылы “Ак-Кеме” мейманканасын кудуретсиз деп табуу процесси башталат. Кийинки жылы түркиялык инвестчи мейманкананы бутуна тургузуп, кредитти төлөп берүү милдетин алып “Ак-Кемени” иштете баштайт. Карыз акча пайызы белгиленген мөөнөтүндө, өлчөмүндө төлөнүп, мейманкана талашы токтоп калган чакта 2005-жылы 24-мартта бийлик алмашып, өлкө арасат абалда турган кезде “Ак-Кеме” жабык акционердик коомдун жетекчиси Р. Сарымсаков өнөктөштөрүн ээрчитип келип мейманкананы басып алат.

Тогуз миллионго жакын доллар кредитти төлөп берүү милдетин алган түркиялык ишкерлерге мейманкананы кайтарып берүүнун ордуна жаңыдан бийликке келген өкмөт ымалага келе албаган эки тарапты мунасага келтирүү, талаштуу маселени тынч чечип алууга үндөй баштайт. Бул ирет да Р. Сарымсаков өнөктөштөрү менен экинчи ирет карыз акчаны кайтаруу убадасын берип, мейманканы ээлеп калды. Мындай ишке нааразы болгон түркиялык компания Париждеги эларалык арбитраж сотко кайрылат. 2009-жылы арбитраж сот Кыргызстандын инвестиция тууралу мыйзамына негизденип, чет элдик инвестчинин пайдасына 11 миллион доллар өндүрүп берүү чечимин чыгарган.

Р. Сарымсаков кредиттин аз бөлүгүн кайтарып, калганын үстөк пайызы менен 2017-жылдын ноябрына чейин төлөп берүү милдетин алган. Акчага айланта келсек, ал 10 миллионго бираз жете бербеген сумманы түзөт. Анын да 3,2 миллион долларын кечиктирибирээк төлөп бермекчи. 2005-жылдан бери убада менен келаткан “Ак-Кеме” жабык акционердик коомунан карыз акчаны мажбур төлөтүп алыш үчүн Кыргызстандын каржы министри 2011-жылдын 17-мартында Бишкектин райондор ортолук экономикалык сотуна кайрылган. Сот министрликтин доо-арызын канааттандырган. Ага нааразы болгон Р. Сарымсаков Бишкек шаардык сотуна кайрылып, райондук сот чечимин жокко чыгарткан. Каржы министрлигинин сот аркылуу Р. Сарымсаковдон мейманкананын 10 миллион доллар карыз акчасын кайтарып алуу аракетинен натыйжа чыга элек. Министрлик карыз акчаны кайтарып алуу укугун башка укуктук жактарга өткөрүп берүү тууралу сунушту да четке кагууда. Башка укуктук жак бу талаштуу маселени оңуна чече албай калса Кыргызстан бюджети 569,3 миллион акча зыян тартканы турат.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...