Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө браконерчиликке каршы күрөшүү күчөтүлөт

«Ысык-Көл» биосфералык аймагынын дирекциясы 400 миң сомдон ашык акчаны түзгөн жабдууларды сатып алышты. Анда кызматкерлер үчүн керек болгон чатырларды, уктоочу каптарды, фотоаппарат, балыкчылар үчүн резина өтүктөрдү, кышкы кийимдерди алынды. Бул тууралу «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын дирекциясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык бөлүнгөн каражат көлдөгү браконьерчилик менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзөт: “Жабдуулар Глобалдык экологиялык фондун каражатына ПРООН ишке ашырып жаткан долбоордун техникалык алкагында сатылып алынган. Программа көлдөгү балыктардын эндемикалык түрлөрүн сактап калуга багытталган жана облустун жандандырылып келаткан балык өстүрүүчү көлмө чарбаларын колдоого алат”-дейт дирекциядан.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...