Акыркы макалалар

Эң кыжырды келтирген Facebookтун колдонуучулары аныкталды

Эң кыжырды келтирген Facebookтун колдонуучулары аныкталды

Интернет колдонуучулардын жарымынан көбү сүйүшкөн жубайлардын мактанып жазган постторун жактырбай турганын айтышкан.

Facebook социалдык тармагын колдонгондордун жарымынан көбү кыжырды келтирген колдонуучулар деп мактаныч иретинде cүйүктүүсү менен түшкөн сүрөттөрүн койгондорду эсептешет. Бул тууралуу The Independent гезити жазып чыкты. Мындай сурамжылоону британиялык PromotionalСodes сайты жүргүзгөн.

Интернет колдонуучулардын жарымынан көбү сүйүшкөн жубайлардын мактанып жазган постторун жактырбай турганын айтышкан. Мындай сентименталдуу билдирүүлөр сурамжылоого катышкандардын 26%ынын кыжырын келтирген.

Ал эми жек көрүндү колдонуучулардын кийинки сабында жашоосуна, ишине нааразы болуп билдирүү тараткандар турат. Мындай колдонуучуларды сурамжылоого катышкандардын 22%ы жактырбай тургандыгын айтышкан.

Өздөрүнүн статусун бат-баттан алмаштырган колдонуучулар респонденттердин 19%на жаккан эмес.

PromotionalСodes сайты сурамжылоого канча киши катышканын так билдирген жок.

Учурда Фейсбук социалдык тармагында 829 млн колдонуучу бар.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...