Акыркы макалалар

Маданият министрлигине талапкер кыргыз тилин үйрөнүүнү убада кылды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Алтынбек Максутов кыргыз тилин жакшы үйрөнүүнү убада кылды.

КСДП фракциясынан депутат Абдыманап Кутушев А.Максутов сүйлөп жатканда орусча кыргызча аралаштырып сүйлөйт экен деп белгиледи. “Ушул туурабы?”,-дейт депутат.

А.Максутов кечирим сурады. “Мен Москвада, Ташкентте окудум, биз орус тилинде гана сүйлөшчүбүз, жыйынтыгында орус тилин да, кыргыз тилин да жакшы билбей калдым. Муну моюнума алам, бирок мен кыргыз тилин жакшы үйрөнүүгө өзүмө сөз бердим”,-дейт ал.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...