Акыркы макалалар

Долондой бийиктикти багындырган

Долондой бийиктикти багындырган

Сагыйпа Чечейбаева... бул ысымды укканда узун бойлуу, кара тору, ботонукундай балбылдаган көздөрү күлүңдөп, жүзүнөн мээрими төгүлүп турган булбул үндүү ырчынын жаркын элеси көз алдыга тартыла түшөт. Жараткандын ага ыроологон ырчылык таланты менен кыргыздын улуттук театр өнөрүнө өчпөс из калтырган атактуу ырчы мектепте окуп жүргөндө эле эл алдына ырдап чыгып, облустук олимпиадаларда биринчи орунду жеңип алып, эл оозуна илинген. Айылда саанчы болуп иштеп жүргөндө концерт коюп келген артисттерди жетектеп келген Жумамүдүн Шералиевдин өтүнүчү менен адегенде Тянь-Шань райондук маданият үйүндө эки жылдан кийин Нарын музыкалык драма театрына артист болуп кирген. Отуз жылга жакын эмгек жолунда тубаса ырчылыгы, үнүнүн бөтөнчө мукамдуулугу менен атагы алыска угулган ырчы драмалык оюндарда да тубаса таланттуулугун тастыктай алды. Өмүрлүк жары өзү менен бирге иштеген белгилүү обончу Асанбек Абдыласов менен дөңгөлөк үстүндө өткөргөн өмүрүндө үч эркек, эки кызын татыктуу тарбиялап, тууруна кондурду.

Уккандын кулак курчун кандырган «Долон», «Жаныбарым Гүлсары», «Нарыным» аттуу ырлар анын аткаруусунда ажары ачылып, атак-даңкын арттырды. Көптөгөн спектаклдердеги ар кыл мүнөздөгү каармандардын бейнесин кудум турмуштагыдай таамай таасын аткара алгандыгы менен көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан. Нарын жылдызы атыккан чыгаан артисттин өнөр секисиндеги өмүрү кыска болду, алтымышка жашы толбой жүрөк оорусунан көз жуумп кеткендиги эли-журтун, көрүүчүлөрдү өкүттө калтырса да артына өлбөс-өчпөс из таштады.

Жакында атактуу ырчынын 80 жылдыгына карата киндик каны тамган Нарын районундагы Кара- Чий айлында ырчынын Долондой бийиктикти багындырган уул- кыздары анын ысмы коюлган маданият үйүндө 80 жылдыгына арналган эскерүү кечесин эл эсинде калаарлыктай өткөрүштү.

Алгач жаңыдан орнотулган айкелинин жанында арбагына аталып, куран окулуп, андан соң наркы 1 миллион 109 миң сомго кайрадан толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлгөн жаркыраган маданият үйүнүн тасмасы кесилип, ырчынын басып өткөн өмүр жолун чагылдырган видеотасма көрсөтүлдү.

-Урматтуу агаин- туугандар,-деди өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков,- Нарын театрынын корифейлеринин көч башында турган жеке өзүнө таандык кудум долондой бийик үнү менен атагы таш жарган Сагыйпа эжебизди эскерген уул- кыздарына, ага-туугандарына, ысмын ушул куттуу жайга ыйгарган эли- журтуна, райондун жетекчилигине терең ыраазычылыгымды билдиремин. Элде “Өлгөндөрдү даңктамайын тирүүлөр баркталбайт” деген накыл кеп бар. Бүгүн биз эжебиздин арбагына таазим этүү менен өнөрдүн өлбөстүгүн даңазалап жатабыз. Андан аркы сөзүндө облус жетекчиси маданият тармагын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, облустун 63 айыл өкмөтүндөгү маданий жайлар Өнүктүрүү фондунун эсебинен калыбына келтирилип жаткандыгын, көп жылдардан бери эскирген автоунаанын айынан гастролдорго чыга албай чыгармачылыктан өксүп жүрүшкөн облустук театрга автоунаа сатылып берилгендигин, былтыр Жерге-Тал айлында клуб бүткөрүлүп, быйыл Кара- Чийдеги тасмасы кесилип жаткан бул маданият үйүнө кресло алуу үчүн 60 миң сом каражат берилгендигин бул иштерди аткарууда Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Сейитмамбетовдун жакшы иштегенин айтты. Айыл элинин ынтымагынын, аксакалдардын жаштарга баш-көз болуп, баардык ишти биргелешип алып барышканынан улам башкаларга үлгү болоорлук ийгиликтердин болуп жаткандыгын, көп иштерди өз күчү менен бүткөрүп алышканын айтып элге ыраазычылыгын билдирип, маданиат үйүнө белегин тапшырды.

Салтанатта Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Түгөлбай Жанбоев, орун басары Роза Жумаева кайталангыс таланты менен атпай кыргыз журтчулугуна таанылган ушул алакандай айылдын ырчы кызынын доошу кудум карт дарыядай ташкындап, Долон ашуусундай бийиктиктерди багындырганын сыймыктануу менен эскеришти. Бүгүнкү айылдык маданият үйүнүн долбоор аркылуу кайрадан капиталдык ремонттон өткөрүлүшүнө зор жардамын көрсөткөн айылдын кулуну, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарындагы башкармалыгынын башчысынын орун басары, ыкчам бөлүмдүн башчысы Шоңкоев Токтобек менен Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Сейитмамбетовго ыраазычылыктарын айтышты.

Жараткандан ыроолонгон акжаркын таланты менен Нарын театрынын теңиртоолуктардын атын алыска тааныткан намыскөй, жайдары мүнөзү, бийик адамкерчилиги менен эл-журтунун жүрөгүндө түбөлүк жашап калган эл кызынын өтөлгөлүү өмүр жолу тууралуу театрдын деректири Муратбек Кыдыралиев, башкы режиссеру Акелең Кускаков, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Бермет Өмүрова, Кенжегул Мендебаиров, Кыргыз Эл артисти Дамира Баратбаева жана башкалар мукам үндүү ырчынын өнөр сахнасындагы өзгөчө кайталангыс керемет үнүн, баладай баё мүнөзүн, сыйчылдыгын, мээрмандыгын эскеришип, бүгүн 80 жылдык мааракесинин урматына айкелин орнотуп, эскерип олтурушкан эл кадырлоосуна арзыган мыкты дарыгер Саадат Абдыласова баштаган уул- кыздарына, эли-журтуна алкыштарын айтышып, ырчынын аты коюлган эшигин ачкан айылдык маданият үйүнүн акжолтой болушуна, алакандай ушул айылдан чыгаан таланттардын чыгышына аруу тилектерин жолдошту. Соңунда театрдын чыгармачылык жамааты Сагыйпа Чечейбаеванын басып өткөн өмүр жолун чагылдырган чакан инценировканы жана жагымдуу ыр-күүлөрдү тартуулашты.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...