Акыркы макалалар

Бишкекте индия тамагынын фестивалы өткөрүлөт

Бишкекте индия тамагынын фестивалы өткөрүлөт

Бишкекте индия тамагынын фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкектеги индия айымдарынын ассоциациясынан жума күнү билдирди.

«12-октябрь күнү Махатма Ганди көчөсөндө индия тамагынын фестивалы өткөрүлүп жана кайрымдуулук базары эшигин ачат. Биздин фестивалда ндия ашканасынын түрү, кол өнөрчүлүк буюмдары коюлат», - деди ассоциациядан.

Белгиленгендей, иш чаранын программасына индия бийи, ыры жана ар кандай оюндары киргизилген.

«Келип индия дүйнөсүнө сүңгүп кирип, индия буюмдарын сатып алып, индия ашканасынан даам сызып, көңүл ачып кетиңиздер. Базарда топтолгон каражаттын баардыгы кайрымдуулукка жумшалат», - деп белгиледи уюштуруучулар.

Иш чара Кыргызстандагы Индия элчилиги колдоо көрсөтүүдө.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...