Акыркы макалалар

Тогуз коргоолду эми телефонуңуздан ойноңуз

Тогуз коргоолду эми телефонуңуздан ойноңуз

Мобилдик түзүмдөр үчүн Кыргызстанда "Көчмөндөрдүн алгебрасы" аталышындагы оюн иштелип чыкты. Бул оюн тогуз коргоолдун өзү. Аны "Салт" чыгармачыл бирикмеси иштеп чыккан. Аталган бирикме жаңы технологияларды колдонуу аркылуу кыргыз элинин маданиятын жайылтууну максат кылат, деп билдирет "Кыргыз маданият борбору" сайты.

"Оюндар заманбап адамдын убакытты өткөрүүсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калды. Ошондуктан аларды колдонуу - кыргыз маданиятын жайылтууга жакшы шарт түзөт", - дейт бирикменин өкүлү Камиля Гареева.

"Тогуз коргоол" - Орто Азия көчмөндөрүнүн байыркы интеллектуалдуу оюну болуп эсептелет. Ал акыл-эсти өстүргөнгө, бош убакытты пайдалуу өткөргөнгө өбөлгө түзөт.

Оюнду Google marketтен да көчүрүп алсаңыздар болот.

"Салт" бирикмеси учурда Ордо оюунунун телефонго ылайыкталган тиркемесин иштеп чыгууда.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...