Акыркы макалалар

Депутаттар 3 фазалуу өткөргүчтөрдү өчүрүүгө каршы чыгышты

Жогорку Кеңеш жыйынынын «Ар түрдүү маселелер» бөлүгүнүн жүрүшүндө депутат Карганбек Самаков Өкмөттү Нарын, Алай, Чаткал сындуу шарты катаал тоолуу аймактарда 3 фазалуу электр өткөргүчтөрүн өчүрбөөгө чакырды. «Эгер 3 фаза өткөргүчтөр өчүрүлө турган болсо, ал аймактардагы электр көмөк чордондорунун баары жазга жетпей иштен чыгып калат»-дейт ал.

Ал эми депутат Исмаил Исаков КР Өкмөтүн 3 фазалуу электр өткөргүчтөрүн өчүрбөөгө эмес, мындай Өкмөттү кетирүүгө чакыра турганын билдирди. «Жакында сот Өкмөттүн булбагытта чыгарган токтомун жокко чыгарды. Элдин камын көрбөгөн, калкты ушундай акыбалга жеткирген Өкмөттү кетириш керек», - деп кошумчалады ал.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...