Акыркы макалалар

Азия оюндары: Каныбек Жолчубеков өз атаандашын таамай көтөрүп чапты

Азия оюндары: Каныбек Жолчубеков өз атаандашын таамай көтөрүп чапты

Кыргызстандык күрөшчү Каныбек Жолчубеков Түштүк Кореянын Инчхон шаарында болуп аткан Азия оюндарында өзүнүн биринчи кармашында атаандашын жеңип алды.

59 кг салмакка чейинки категория боюнча Жолчубеков 1/8 финалда йемендик Башир Ахмед Мухаммед менен беттешти. Кыргызстандык бул кармашын атаандашын таамай көтөрүп чапканы үчүн кармаш мөөнөтүнөн мурда эле аяктады.

Бирок чейрек финалда кыргызстандык балбан Түштүк Кореялык Йонгжун Кимге 1:0 эсебинде утулуп калды.

Эгер кореялык балбан финалга чыга турган болсо Жолчубековдун сооротуучу кармашка чыгып калышы ыктымал.

Бүгүн Жолчубековдон тышкары Эсенгелди Кожобек уулу жана Жанарбек Кенжеев да күч сынашат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...