Акыркы макалалар

Эмгек мигранттары Орусиядан пенсия ала алышат

Эмгек мигранттары Орусиядан пенсия ала алышат

Эмгек мигранттары Орусиядан пенсия ала алышат. Бул тууралуу евразиялык аймактагы өлкөлөрдүн пенсиялык фонддору арасында жаңы келишим даярдалып жатканын Орусиянын пенсиялык фонддунун(ПФР) төрагасынын орун басары Сергей Афанасьев "Известия" басылмасына бүгүн билдирген.

Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык аймактагы бардык эмгек мигранттары кайсы өлкөдө эмгектенгенине карабай пенсия алууга шарт түзүлөт. Мындай эл аралык келишимдин долбоору 2015-жылга чейин толугу менен иштелип бүтөт. Сергей Афанасьевдин айтымында, азыркы кезде КМШ өлкөлөрү ортосунда пенсияны камсыздоо боюнча бир канча келишим иштеп жатат. Бирок, алардын баардыгы мурдатан кол коюлуп, эскирген. Пенсияларды жашаган жерине жана алардын мыйзамдарына, эмгек тажрыйбасына карап төлөнүп келүүдө. Эч кандай өлкөлөр арасында өз ара төлөмдөр жүргүзүлгөн жери жок. Эми жаңы келишим боюнча пенсия төлөө механизми ийни жибине чейин иштелип чыгат. Пенсиялык жашка келген ар бир мигрант өзүнүн пенсиялык укугун толугу менен колдонууга жол ачылат. Ал үчүн улуттук пенсиялык фонддор бир аз иши оорлойт. Бирок, заманбап маалымат технологиясынын жардамы менен бул маселелерди чечүүгө болот.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...