Акыркы макалалар

Эл аралык “Кыргыз эл бий” сынагына 17 катышуучу катышып жатат

Эл аралык “Кыргыз эл бий” сынагына 17 катышуучу катышып жатат. Алардын 4өө жеке бийчи, 13ү бий топтору.

Эл аралык “Кыргыз эл бий” сынагы бий ышкыбоздоруна арналып өтүп жаткан Кыргызстандагы алгачкы иш чаралардын бири.Анын уюштурулуп жаткандагы башкы максаты - кыргыз улуттук бийлерин алып чыгуу, элдик бий салттарын сактоо жана өнүктүрүү.

Сынак 2014-жылдын 11-октябрында кыргыз бийлеринин фестивалы менен жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу сыйлыктар ыйгарылат. Ал эми бул күнү бардык облустун борборлорунда бий флешмобу өткөрүлүп, кыргыз бий күнү деп аталат.

Белгилей кетсек, “Кыргыз эл бий” сынагын коомдук ишмер меценат Рустам Мамановдун демилгеси жана демөөрчүлүгү менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда “Улут Жүзү” коомдук фонду уюштуруп жатат. Ал эми сынактын байге фонду 1 миллион сомду түзөт.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...