Акыркы макалалар

К.Осмоналиев: «Мугалимдердин маянасын жогорулатмайынча, билим берүү тармагында орун алган көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес»

Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев бүгүн, 29-сентябрда,билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу, аларды материалдык жактан кызыктыруу маселесин иликтөө боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга депутаттар Гүласал Садырбаева, Карамат Орозова, Роза Акназарова, Элмира Иманалиева, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Жумушчу топтун жетекчиси Каныбек Осмоналиев өткөн апта соңунда Баткен шаарында комитеттин билим берүү тармагынын абалына арналган көчмө жыйынын өткөрүп келгенин эске салып, анда мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү маселеси курч коюлганын баса белгиледи. “Мугалимдердин маянасын жогорулатмайынча, билим берүү тармагында орун алган көйгөйлөрдү биржаңсыл чечүү мүмкүн эмес экенине дагы бир ирет ынандык. Бул багытта чечкиндүү чараларды көрүшүбүз керек. Башкалардан да ушундай аркеттерди талап кылабыз”, - деп кошумчалады ал.

Ал эми Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү менен бирге мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу жолдорун иликтеп чыгып, ал жумушчу топтун талкуусуна коюлуп жатканын билдирди. “Алдынала эсептөөлөргө караганда, мугалимдердин маянасын көтөрүү үчүн 4,5 млрд сом көлөмүндө кошумча каражат талап кылынат экен. Каржы министрлиги жаңы бюджет долбоору бекигенге чейин анын булактарын аныкташы керек”, - дейт ал.

Жыйын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин кезектеги жыйынында билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жөнүндө маселе каралып, анда бул маселе жаатындагы Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору талкуулана турганы белгилүү болду. Ошондон улам, К.Осмоналиев жумушчу топтун мүчөлөрүн токтом долбоору парламенттин кароосуна чыгарылганга чейин аны дагы бир ирет дыкат карап чыгууга чакырды.

Эске салсак, 2014-жылдын 16-сентябрында Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети менен Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин биргелешкен жыйынында билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу маселесин иликтөө боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун курамына Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, профсоюз уюмунун, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү кирген.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...