Акыркы макалалар

Энергосанаа: суу аз, электр жетишсиз, алдыда кыш

Кыргызстан өкмөт башчынын маалымдашынча, өткөн жылы өндүрүлгөн 14 миллиард киловатт-саат электр энергиясы толугу менен колдонулуп, быйылкы кышта өлкө энергожетишпестикке кабылганы туру. Быйыл республика 11 – 12 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгышы мумкүн. Мурда электрэнергиясын сыртка сатып келген республика эми сырттан энергия сатып алууда. Энергетиктер элге жетиштүү өлчөмдө электр тогун бере албасы айкынга чыгууда.

Нарын дарыясынан агып келчү суунун көлөмү жылдык орточо көрсөткүчтөрдүн 61% түзгөндүктөн, быйыл “Токтогул” катарындагы ГЭСтер 11.8 миллиард кВтсаат электрэнергиясын иштеп чыгарары болжолдонууда. Кийинки жылкы көрсөткүч мындан 200 миллион киловатт-саатка аз болору күтүлүп атыры.

Айрым болжолдор боюнча электрэнергиясына талап бул жылы 16 миллиардга жакын киловатт-саатка жогорулайт. Иши кылып, электрэнергиясын колдонуу бул жылы 2,3 миллиард киловатт-саатка азайышы күтүлөт. Кийинки жылы жетишпестик 4.2 миллиард киловатт-саатка жетмекчи. 2017-жылы болсо жетишпестик 6.3 миллиард киловатт-саатка жетип калат. 2024-жылы жетишпестик 17 миллиардды этектеп калары эмитен эле болжолдонууда.

1 киловатт-саат электрэнергиясынын баасын 5 центтен эсептесек, эмдиги жылкы электр жетишпестиги 210 миллион долларга чыгат. Ушу таптагы америкалык акчанын сомго катышын 52 сом деп эсептесек, бул акча 11 миллиард сом. 2017-жылы жетишпестик 313 миллион доллар – 16 миллиард сом, 2024-жылы 861 миллион доллар – 45 миллиард сом.

Жыл санап электрэнергиясын пайдалануу көбөйө берери турулуу иш. Экономикалык өнүгүү жылына 5% деп эсептесек, электрэнергиясын пайдалануу жыл сайын 1.5 – 2 миллиард киловатт-саатка арбый бермекчи. Мындай керектөөнү канааттандыруу үчүн жыл сайын жок дегенде 170 – 200 МВт өндүрүлгөн электрэнергиясынын көлөмү көбөйүп турушу керек. Непадам экономикалык өнүгүү мындан да ыкчам ылдамдыкта жүрсө бул сандар бери дегенде 30 – 40% жогорулап турушу абзел.

Жакынкы жылдары ишке киргизилчү энергетикалык кубаттуулуктардын катары суйдаң. Эки жылдан кийин “Камбарата – 2” ГЭСи ишке кириши мүмкүн. Бул 100МВт электрэнергиясы иштелип чыгарын билдирсе, Бишкектги жылуулук-электр борбору ондолгондон кийин 300МВт электрэнергиясын иштеп чыгара баштамакчы. Нарындын жогорку алабындагы ГЭСтер курулуп калса дагы кошумча 240 МВт электрэнергиясы берилмекчи. Бирок булардын баары эки жылдан кийин ишке киргизилчү кубаттуулуктар.

Электрэнергиясынын арбын колдонулушу, Ж. Оторбаевдин ырасташынча,табигый газдын баасынын кымбаттап кетишине да байланыштуу. 2000 – 2005-жылдары 1000 кубометри 42 доллардан сатылган “көгүлтүр от” акысы 2013-жылы 257 долларга чыкты. Мурда 800 миллион газ сатып алган республика өткөн жылы 280 миллион кубометр газ сатып алышы жагдайдын кандайлыгын кашкайтып көрсөтүп туру.

Анан да тармактагы абалдын кыйындашына жылдын жылуу мезгилинде электрэнергиясын колдонуу суткасына 22 – 23 миллион киловатт-сааттан ашпаса, күн сууктаган чакта 70 миллион киловатт-саатка көтөрүлүп кетиши да таасир көрсөтүүдө. Ири энергетикалык кубаттуулуктар бул кезде мүмкүнчүлүгүнүн үчтөн бирин гана пайдаланып, бул жагдай тармакка ири инвестициянын келишине кедергисин тийгизүүдө.

Суунун азайышы Нарын дарыясына курулчу ири ГЭСтердин натыйжалуулугун да арасат абалга капталтууда. Суу аз кезде Нарын дарыясына “Камбарата – 1” ГЭСи сындуу ири курулушка акча сарптоонун ордуна “Кара-Кече” көмүр кенинде 800 МВт электрэнергиясын иштеп чыкчу станция куруу кыйла натыйжалуу болорун “Tetratech” компаниясынын эксперттери ырастап беришкенин Ж. Оторбаев белгилеген. “Камбарата – 1” ГЭСинин кубаттуулугу 1900 МВт. Суу аз болсо ири ГЭС иштебей токтоп турушка мажбур. Бул жагдай жалаң сууга көз каранды энергетикалык объекттер белгиленген кубаттуулукта иштей албастыгын түшүндүрөт.

Ж. Оторбаев Кыргызстанда электр баасынын арзандыгын, тармак мамлекеттик колдоонун эсебинен жашап, өзүн-өзу каржылап, өз алдынча өнүгө албай келатканын мисалга тарткан. Анын ырасташынча, быйылкы жылы электрэнергиясынын 1 киловатынын баасы 1 сом 39 тыйынга чыккан. Баасы арзан энергияны колдонуучулар арбып, карапайым калк 1999-жылы 4.2 миллиард киловатт-саат электрэнергиясын колдонсо, 2012-жылы бул көрсөткүч 7.2 миллиард киловатт-саатка жеткен. Бул жалпы керектөөнүн 63% түзөт.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...