Акыркы макалалар

Бишкекте 1-октябрда карылардын Эл аралык күнүнө карата социалдык жарманке өтөт

Бишкекте 1-октябрда карылардын Эл аралык күнүнө карата карылардын өз ара жардамдашуу топторунун колго жасалган буюмдарынын жыл сайынкы социалдык жарманкеси өтөт. Бул тууралуу «ЭйджНет International» геронтологиялык уюмдарынын эл аралык тармагы билдирди.

Акциянын максаты — Кыргызстангда карылардын көйгөйлөрүнө мамлекеттин жана коомчулуктун көңүлүн бурдуруу, ошондой эле, карылардын өз өндүрүштөрүн сатуу мүмкүнчүлүгү түзүү.

Акциянын алкагында башка иш-чаралар да өткөрүлөт.

Акциядан чогултулган бардык каражаттар кары адамдарга жардам иретинде багытталат.

Уюштуруучулар: «ЭйджНет International», Крнын социалдык өнүктүрүү министрлиги, «Карылар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмеси, «БабушкаЭдопшн» коомдук кайрымдуулук фонду, «ADRA Кыргызстан», HelpAge International, Кыргызстандын диабетикалык Ассоциациясы, Коомдук технологиялар борбору, Unity Fund ыктыярчылар кыймылы менен өнөктөштүк менен балдарды коргоо борбору, БААУ.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...