Акыркы макалалар

“Өнүгүү”: Мөөрөй алганды колунан кысып куттуктоо маданияты жок болууда

“Өнүгүү”: Мөөрөй алганды колунан кысып куттуктоо маданияты жок болууда

Өткөн айдын 27-ноябрь күнү “Өнүгүү” саясий партиясынын штабында, партиянын шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлери тарабынан маалымат жыйыны өткөрүлдү. Маалымат жыйынды партиянын пресс-катчысы Тыныч Мамаев ачып, “Өнүгүү” париясынын шаардык кеңешке талапкерлери Эрназаров Жениш, Чатаев Ашим, Адылбеков Майрамбек, Муллакелдиев Нурмаматтар маалымат берүү үчүн келишкенин билдирди.

Алгач Нурмамат Муллакелдиев, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого катышкан атаандаш 7 партиянын кээ бир мүчөлөрүнън 26-декабрь күнкү “Шайлоо абдан көп мыйзам бузуулар менен өткөндүктөн, шайлоону мыйзамсыз деп тааныйбыз” деген жарыясына каршы пикирде экенин билдирди. Анын айтымында, 25-ноябрдагы болуп өткөн шайлоодо 10 партиянын ичинен жаңыдан түзүлгөн “Өнүгүү” партиясы 35,2% ээ болду, “...бул биздин партияга берген элдин ишеничи. Ал эми партия үчүн өтө чоң жоопкерчилик жүктөлдү, биздин талапкерлер партиянын алдыга койгон иш-аракеттери менен программаларыбызды түшүнүп жана бүт-аракеттерин жумшайт деген ишеним менен добуш беришти. Буга чейин да бир топ шайлоолор өтүп келген, көч бара-бара түздөлөт, бул жолку шайлоо мындан мурдагыларга салыштырмалуу мыйзамдуу өттү деп белгилөө керек. Кандай гана шайлоо болбосун атаандаштыкта жеңилген жана жеңген партиялар сөзсүз болот. Биздин атаандаштар да сабырдуу болуп, жеңишке жеткен партияларга ийгилик каалайт деген ойдобуз”,- деп белгиледи Н. Муллакелдиев.

Ал эми талапкер, Ашим Чатаев: «Менин «+нъгъъ» саясий партиясынын талапкери катары айтарым, биринчиден, биздин партиянын өкүлдөрү ар бир шайлоо тилкесинде бир ай бою үгүт иштерин тынымсыз жүргүзүп, калктын калың катмарына партиянын максаттарын жогорку деңгээлде жеткире алды. Ар бир шайлоо тилкесинде талапкер партиялардын мүчөлөрүнүн ортосунда да катуу атаандаштыктар болду. Биз бир ай ичи ар бир көчө, ар бир үйгө кирип үгүт ишин жүргүздүк. Ал эми кээ бир партиялар өзүнүн программасы менен элди тааныштырып үгүт ишин туура жүргүзүүнүн ордуна биздин партиянын дарегине жаман айтып, каралоо менен алектенди жана жыйынтыгы да ошого жараша болду,- деди.

Ошондой эле партиянын талапкерлери, Жеңиш Эрназаров менен Майрамбек Адылбеков да, Жалал-Абад шаарынын тургундарына, анын ичинен партияга ишенич арткан электоратка ыраазычылык билдиришерин белгилешти. “Шаар тургундары биздин партияга 4 жылдык милдет жүктөштү, биз ал ишеничти акташыбыз керек. “Эл акчага сатылбайт!”, партия сатып алды деген кара пиар бир нече кызыкдар адамдар тарабынан айтылууда. Ошол эле КСДП партиясынын башка талапкерлери шайлоо тилкелеринде болуп, шайлоонун жыйынтыгы менен макул экенин айтышууда. Талапкерлигин койгон шайлоо тилкесинен тиешелүү добуш ала албай калган КСДП партиясынын айрым мүчөлөрү партиянын атынан шайлоонун жыйынтыгына нааразы экенин билдирип ызы-чуу жүргүзүшүүдө”,- деп билдирди Нурмамат Муллакелдиев.

Ал эми келечекте кайсы партиялар менен коалиция түзүүгө барышат? –деген суроого, Ж.Эрназаров: Биздин партия “Биз бирге өнүгөбүз!” деген ураан менен иш алып барат жана шаардын өнүгүшү үчүн эл менен тыгыз байланышта иштеп, тилектеш партиялар менен чогуу болобуз. Биздин партиянын штабынын эшиги карапайым калктын көйгөйүн угууга жана көмөк көрсөтүүгө дайыма ачык”,- деп белгиледи.

Ошондой эле маалымат жыйынында шайлоо күнү орун алган мыйзам бузуулар, алгач тилкелик шайлоо комиссиясында, кийин аймактык шайлоо комиссиясында каралгандан кийин тиешелүү органдарга жиберилүүсү керек жана “айланк=ч=к” ыкмасы колдонулгандыгы боюнча маселе териштирилиши керек деген ойлор айтылды. Ал эми партиянын басма с=з катчысы Тыныч Мамаевдин билдирүүсүндө, мындан 6 ай мурун эле шаар ичинде КСДП партиясы шаар мэри жана шаардык кеңештин төрагасы ким болорун белгилешип, шайлоонун жыйынтыгы алардын оюндагыдай болбой калганына күйүгүшүүдө деп билдирди. “Өнүгүү” партиясынын талапкерлери шаардык кеңештин жаңыдан шайланган депутаттары ал партия же бул партия деп бөлүнбөй, бир эл бир жердин тургундары болгондон кийин, шаардын социалдык-экономикалык көйгөйүн чечүүдө жана шаардын өнүгүүсүнө чогуу эмгектенсек дешет.

“Жалал-Абад үнү”

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...