Акыркы макалалар

Азия оюндары: кыргызстандык үч боксчу беттешет

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы - атайын Инчхондон билдирет

Кыргызстандык футболчулар чейрек финалга чыкпай калды

25-сентябрда кыргызстандык спортчулар ок атуу, гольф, сууда сүзүү, футбол жана теннис боюнча мелдештерге катышып, өлкө намысын коргоду.

25-сентябрдагы негизги мелдеш- футбол боюнча Кыргызстан жана Йордания командаларынын ортосунда үчүнчү оюн болду. Биринчи таймда кыргызстандык футболчулар үстөмдүк кылып, чабуулга өтүп жатышты. Эки ирет йорданиялыктардын дарбазасынын мамычысына тийген топ кирбей кайып кетти. Кыргызстандык чабуулчу Евгений Дорогинсий атаандаштардын айып талаасына чейин жетип, дарбазага жакын калганда йорданиялык коргоочу байкатпай чалып, эрежени бузду. Бирок, ортодогу калыс бул жагдайды байкабай калып, 11-метрлик айып тобун бербей көз жаздым болуп калды. 30 мүнөт оюндан кийин кыргызстандыктар коргонууга өтүп, акыркы мүнөттөгү чабуулдары натыйжа бербеди. Экинчи таймда эки команда теңата оюн көрсөтүштү. Кыргызстандык чабуулчулар Азамат Байматов, Чолпонбек Эсенкул уулу жана Фархат Мусабеков канчалык аракет кылышканы менен эсеп ачылбады. Йорданиялык футболчулардын коргонуу чеби бекем болуп, алар командалык оюн көрсөттү. Ошентип негизги убакытта эсеп ачылбай, эрежеге ылайык калыс дагы 15 мүнөттөн эки тайм кошумча оюн болду. Биринчи 15 мүнөттүк таймашта күйөрмандар күткөн эсеп ачылбады. Экинчи 15 мүнөттүк беттешүүдө йорданиялык футболчулар демилгени колго алышып, бурчтан тебилген топту йорданиялык чабуулчу Ахмед Муса Алессави башы менен Кыргызстандын дарбазасына сүзүп киргизип, эсепти ачып, өз күйөрмандарын кубанычка бөлөдү. Кыргызстандын дарбазасына экинчи топ бар бир нече мүнөт өткөндө кирип, оюн 2:0 эсебинде Йорданиянын жеңиши менен аяктады. Кыргызстандык футболчуларды сүрөөнгө алуу үчүн атайын Сеул шаарынан жүзгө жакын мекендештер келип, алардын катарында Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Дүйшөн Чотонов да болуп, Кыргыз туусун желбиретип, добулбас уруп, маанайды көтөрүүгө аракет кылышты. Кыргызстандык футболчулар дурус оюн көрсөткөнү менен коргоочулардын жаңылыштыгынан жана дарбазачы Валерий Кашубанын катачылыгынан улам жеңилүү ызасын тартып, 17-Азия оюндарындагы мелдештерин чейрек финалга жетпей жыйынтыктады.

Кыргызстандын командасы Н тобунда Иран менен 1:1 эсебинде тең чыгып, Вьетнам командасына 1:0 эсебинде утулуп, топтордун айырмасы боюнча сегизден бир финалга чыккан. 17-Азия оюндарынын футболдук мелдештерине 29 өлкөнүн олимпиадалык командалары катышып, алар 8 тайпага бөлүнүп, мөрөй талашты.

Аракет кылган менен майнап жок

Теннис боюнча эр-азаматтар арасында жеке таймашууга кыргызстандык жигит Данияр Дулдаев катышып, ал камбоджалык Самненг Лонг менен беттешип, утуп алды.

Кыз-келиндердин жеке теннис таймашына Алина Веляева кытайлык Юнгенг Дуан менен чыгып, жеңилүү ызасын тартып калды.

50 метр аралыктагы бутаны мылтык менен таамай атууга кыргызстандык Руслан Исмаилов катышып, 43-орун менен чектелди.

25-сентябрда сууда сүзүү мелдештери улантылды. 50 метрге брасс ыкмасында жарышка Лондон олимпиадасынын катышуучусу Дарья Таланова катышып, өлкө намысын коргоп, өз тобунда 4-орунду ээлеп, финалдык мелдешке кошулбай калды .

Гольф оюну боюнча Азия оюндарынын мелдештери башталды. Бул оюн алгач ирет Азия оюндарынын жадыбалына киргендиктен адистер, күйөрмандардын кызыгуусу күч болду Бул мелдешке Кыргызстандан 50 жаштагы Айдараалы Асанов катышып жатат.

Алдыдагы таймашуулар...

26-сентябрда кыргызстандык спортчулар бокс, жаа атуу, ок атуу, гольф жана теннис боюнча мелдештерге катышып, өлкө намысын коргоп жатышат.

Жаа атуу боюнча жеке таймаштар башталды. Мында кыз-келиндерден Асел Шарбекова индиялык менен жаа атып, мөрөй талашып жатат. Жигиттерден жеке таймашына Кылыч Нурманбетов тайланддык жаа атуу чеберине каршы турууда. Мелдеш улантылып жатат.

Кыргызстандык күйөрмандар күткөн бокс таймашуулары уланып, 56 килограмм салмакта Омүрбек Малабеков тайбейлик Ли Юу Че менен күч сынашканы камынып жатат. 60 килограмм салмакта Акжол Сулайманбек

уулунун атаандашы филиппиндик Ровайда Эрун Алааеддин болмокчу. Ошондой эле 91 килограмм салмакта Сергей Паренко рингде казакстандык Антон Писук менен кечинде беттешет.

26-сентябрда ок атуу мелдешине кыргызстандык Сабина Крупнова катышып жатат. 50 метрге мылтык атууда жатып, туруп, тизелеп атууга Азиядан тандалган 60 мерген катышып, өнөрүн көрсөтүүдө.

Ошондой эле теннис боюнча да мелдештер улантылып жатат. Жеке таймашта Данияр Дулдаев жапониялык Юучи Сугита менен күч сынашууда.

Кытайлыктар башкаларды караандатпай алдыда баратат

Окурмандарга маалым болгондой Түштүк Кореянын Инчхон шаарында 17-Азия оюндары спорттун 36 түрү боюнча курч мүнөздө өтүп жатат. Учурда 17-Азия оюндарынын медалдар эсеби боюнча кытайлык спортчулар лидер экенин далилдеп, эртең менен эле 82 алтын, 43 күмүш, 34 коло байгеси менен алар биринчи орунда ишенимдүү атаандаштарын ат чабым алыс калтырып алдыда келатат. Алар башка командаларга карандатпай калды көрүнөт. Себеби, оюн аяктаарына дагы 8 күн бар. 2010-жылы Гуанджоу шаарында өткөн 16-Азия оюндарында кытайлык спортчулар 200 алтын байге утуп алышкан. Оюн ээлери кореялык спортчулар кечээ 27 алтын, 27 күмүш жана 26 коло байгеси менен экинчи тепкичте турса, учурда аларды жапондуктар бир тепкичке ылдый жылдырып койду. Азырынча жапондуктар дагы 28 алтын, 36 күмүш, 32 коло медаль утуп, учурда экинчи катарда турат. Кореялык спортчулар өз жеринде 28 алтын, 34 күмүш жана 32 коло байгеси менен жапондуктардан эки күмүш медалы кем болуп, үчүнчү орунга жылып калды. Адистердин айтымында жапондор менен кореялыктар катуу атаандашып жатат. Учурда казакстандык спортчулар 6 алтын, 8 күмүш, 17 коло медаль утуп алуу менен 4-орунду ээлеп турат. Түндүк Кореянын командасы да 6 алтын, 7 күмүш жана 9 коло медалы менен алтынчы орунда турса, 25-сентябрга карата алар бир тепкич өйдө жылды. Алар казактардан күмүш, коло байгенин саны боюнча гана артта келүүдө. Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстандан кийин өзбекстандык спортчулар 4 күмүш, 7 коло байгеси менен учурда 20-орундан 18- орунга көтөрүлдү. Түркмөнстан бир күмүш, 2 коло медалга ээ болуп, 45 мамлекеттен 22-орунда келатат. Ирак, Ливан жана Пакистандын бирден коло байгеси бар. Учурда 45 өлкөдөн 25 мамлекеттин спортчулары гана байгелүү орундарды камсыз кыла алышты. Азырынча Кыргызстандык спортчулардын аракет кылышканы менен майнап чыкпай, байгелүү орундарга жеталбай жатат.

Евгений Ваккер ар дайым байгенин эсебин ачып берчү эле

Кыргызстандык күйөрмандарды ар дайым велоспорттон Евгений Ваккер сүйүнтүп, алгачкы медалды утуп, акжолтой болчу дешип, 27-сентябрдагы велосипед жарышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Себеби, 1994-жылдан бери удаасы менен беш Азия оюндарында Евгений Ваккер 4 ирет күмүш, бир жолку коло медаль утуп, 20 жылдан бери акжолтой жолдуу спортчу катары таанылып келатат. Олимпиадалык айылдан Ваккерге жолукканымда, даярдык жакшы экенин, негизги атаандаштары кытайлык, кореялык, казакстандык спортчулар болоорун, быйыл дагы байгелүү орундар үчүн бардык аракетин жумшаарын билдирди. Ошондой эле бокс чеберлери, грек-рим жана эркин күрөш балбандары, кайык жарыштарында байгелүү орундарга кыргызстандыктар жетип калабы деп үмүттү өчүрбөй турабыз.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...