Акыркы макалалар

Пахта буласына так баа коюлбай жатат, - КРнын айыл чарба министрлиги

Пахта буласына так баа коюлбай жатат, - КРнын айыл чарба министрлиги

Пахта өлкөнүн Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында өстүрүлөт. Акыркы жылдары пахтага болгон баанын кескин төмөндөшү, аны себүү аянтынын кыскарышына алып келди. Үстүбүздөгү жылы пахта республика боюнча 23,4 миң гектар аянтка себилип, өткөн жылга салыштырмалуу 0,1 миң гектарга аз болду, деп билдирди КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы.

Ал эми топтолуучу чийки пахтанын түшүмү 63,6 мин тонна болоору күтүлүүдө, же мындан 20 миң тонна пахта буласын өндүрүү болжолдонууда.

«Кыргызстанда өндүрүлгөн 4-5 типтеги пахтанын буласынын болгону 10-20 % кайрадан иштетилип, калган 80-90 % сыртка экспорттолот. Ошондуктан Кыргызстан сырткы базарлардагы бааларга көз каранды болуп келет», - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан пахта буласын негизинен Орусия менен Түркияга сатат.

Дүйнөлүк базарларда пахта буласына болгон баа акыркы эки айдын ичинде бир кыйла төмөндөгөн. Ак алтындын 1 кг - 1, 4586 АКШ долларына же 79,5 сом болгон.

Министрлик белгилегендей, ошол себептен Кыргызстандагы пахта буласын сатып алуучу фирмалар так баа кое албай жатат.

«Жазында пахта тазалоочу ишканалардан насыя алган дыйкандар 1 кг пахтаны 34-35 сомдон тапшырып жатат. Ал эми көпчүлүк дыйкан фермерлер туруктуу баа болгонго чейин пахтанын түшүмүн өздөрүнүн сактоочу жайларында кармап турат», - деп кошумчалайт ведомстводон.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...