Акыркы макалалар

Обаманын Россияга барбай эле койгону жөн

Обаманын Россияга барбай эле койгону жөн

Ал жакка барбасаңчы...

Эмне үчүн президент Барак Обама Россияга барбашы керек?

Өткөн аптада Кремлдин басма сөз катчысы президент Владимир Путин Барак Обамага телефон чалып, аны кайра шайланышы менен куттуктаганын айтты. Ошондой эле Песков Американын президенти Путиндин Россияга чакырыгын кабыл алганын маалымдады. Азырынча элге жарыялана элек Обаманын пландары кыязы, баарынын башын айлантат окшойт.

Акыркы 12 айда Путиндин америкалыктардын кызыкчылыктары менен баалуулуктарына карата ички жана тышкы саясаты абдан эле бетпактык, уятсыздык жана агрессия менен коштолгон. Россия Сириядагы Башар Асаддын режимин жактап, үч жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Дамаскиге эл аралык санкция киргизүүгө бөгөт коюп салган. Анан калса Россиянын жетекчилиги Ирандын өзөктүк программасын токтотуу боюнча эл аралык аракеттерде өзүнүн ансыз да чектелген колдоосун азайтып жатканын ачык түшүнүктүү кылган.

Россиянын өзүндө Кремлден каражат алган адамдар Москвадагы Обаманын элчиси Майкл Макфолду жаман сөздөр менен шыбап чыгышкан. Ал эми мамлекет көзөмөлдөгөн телеканалдар Путинге каршы демократиячыл оппозицияны уюштурганы тууралуу айыптаган «даректүү тасмаларда» Макфолду, АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтонду жана АКШны жаманаттылашкан.

Режим талыкпастан өлкөнүн ичинде репрессияны күчөткөн. Май айында Путиндин такка олтуруу каадасынан кийин дароо кабыл алынган мыйзамдарга ылайык, өкмөт санкция алынбаган демонстрациянын катышуучуларын узак мөөнөткө абакка кесүүгө жана олчойгон айыппулдарды салууга өкүм чыгара алат; гуманитардык жана укук коргоо уюмдары эл аралык каржылоону кабыл алганы үчүн чет элдик тыңчы аталат; Интернетке цензура киргизилет; ошондой эле мамлекеттик аткаминер тууралуу тескери маанайдагы кеп айткандарга көп өлчөмдөгү айыппулдар салынат. Бир нече жума мурун Кремль АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигин 20 жыл иштегенден кийин жана америкалык салык төлөчүүлөр Россияда демократияны, жарандык коомду жана экономиканы өнүктүрүш үчүн миллиарддаган долларды короткон соң өлкөдөн кууп чыккан. Өткөн аптада эле Путин мекенине чыккынчылык (өлкөгө чыккынчылык кылган адамга 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган) үчүн абакка камоо мөөнөтүн көбөйтүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койду. Азыркы Россияда чет элдик уюмдарга ким маалымат берсе жана алса чыккынчы катары эсептелеши мүмкүн, өлкө жетекчилигинин пикири боюнча мындай аракеттер Россиянын кызыкчылыктарына кесепетин тийгизиши мүмкүн. (Бул категорияга, мисалы, эл аралык «Amnesty International» уюму кирип калышы ыктымал).

Август айында «Pussy Riot» панк-тобунун эки ырчысы Москвадагы чиркөөдө Христос куткаруучунун алтарында «Кудай эне, бизди Путинден куткар!» деп ырдай коебуз деп «диний жек көрүү менен мотивдешкен бейбаштык» деген берене менен эки жылга эркинен ажыратылган. Соттолгон топтун кыздарынын курагы 22 жана 24 жашта, бирөөнүн беш жаштагы уулу, ал эми экинчисинин беш жаштагы кызы бар. Алар мөөнөтүн Москвадан же болбосо башкалаадан анча алыс эмес жерден өтөө тууралуу кайрылуу беришкен. Мунун ордуна аларды бир кездерде сталиндик ГУЛАГдан он миңдеген адамдар өлгөн Мордовия менен Пермдин абактарына жөнөтүштү. Ал арада 6-майда Путиндин такка олтуруу салтанатынын алдында камакка алынган нааразылык акциясынын 17 катышуучусу дагы эле убактылуу кармоочу жайда жатышат жана алар айлап-жылдап Европа менен АКШда кыйноо катары эсептелген шарттарда камалып жата бериши мүмкүн. (Алардын бири 4,5 жылга эркинен ажыратылды).

Кыязы, «жумшак» авторитаризмден салттуураак репрессияга өтүп жаткандын белгиси кылып Кремль Россиянын эки оппозициячы лидерине күнөө тагуу менен өз билген кылыгын күчөтүп жаткан кези. Блогчу жана коррупция менен күрөшүүчү Алексей Навальный менен социалист Сергею Удальцовдорго айып тагылды. Биринчисине «13 миң куб ярддык жыгач материалдарын уурдап алды» деп жалаа жаап жатышса, экинчисин «грузин өкмөтүнүн жардамы менен режимди кулатууга аракет кылган» деп жатышат. Азыркы учурда Удальцовдун эки жакын тарапташы камакка алынды, үчүнчүсү Леонид Развозжаевди Киевде Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан уурдап кетишип, Москвада ал Удальцов менен бирге кутум уюштурганын, ошондой эле өкмөтту кулатыш үчүн массалык тополоң чыгарууга аракет кылганын «мойнуна алмайынча» суусуз, тамак-ашсыз жана дааратканага киргизбей турган жайда кармашкан. Навальный менен Удальцовду камак, сот процесстери жана узак убакыт бою түрмө күтүп турганы талашсыз.

Жогоруда саналып өткөндөрдүн баарын эске алганда, эркин жана таза шайлоону, мыйзам алдындагы теңдикти, сөз эркиндигин жана коррупцияны токтотууну талап кылган оппозицияны Москва кысымга алуусун улантып жаткан кезде, Обаманын иш сапарын Россиянын оппозициясы дагы, режими дагы Кремлди колдоо деп түшүнөт.

Кээде тышкы саясатта мамлекеттик ишмерлер өз өлкөсүнүн баалуулуктарын же кызыкчылыктарын тандашы керек. Бирок бул жагдай андай эмес. Россия Иранды же Сирияны куткарып кала албайт. Америкалык аскерлерди Афганистандан чыгаруу Москванын АКШнын улуттук коопсуздугуна кошкон башкы салымы болмокчу. Тактап айтканда, Түндүк бөлүштүргүч түйүнүнүн жардамы менен аскерлерди жана курал-жарактарды Россиянын аймагы аркылуу ташууга уруксат бериши тууралуу кеп болуп атат.

Демек, Ак Үй Россиянын эркинирээк, демократиялуураак, туруктуу жана гүлдөгөн мамлекет болушуна жардам беришке татыктуурак бир себеп табылат.

Эгерде дал ушундай болсо режимдин күчөп бара жаткан репрессиясына көз жумду болуп коюу жана Обаманын Москвадагы иш сапары Кремль менен кызматташуунун жалгыз шарты болуп калышы мүмкүн. Албетте, андай болсо Путин Европадагы ракетага каршы коргонуу системасын алып салууну талап кыларынан күмөн санабай деле койсо болот.

Өзүм тууралуу айта турган болсом, мен дайыма Обамага жана анын администрациясына иш Россиянын саясатына тиешелүү болгон кезде «күнөөсүздүк презумпциясын» сунуш кылып келгем. Бирок эгерде бул жолу америкалык баалуулуктар менен кызыкчылыктарга касын тигип жүргөн Москванын режими менен куралдануу боюнча анча чукул керек болбогон келишим үчүн Американын башкы баалуулуктары менен максаттары курмандыкка чалынса, туура эмес болот деп ойлойм.

Леон Арон

«Foreign Policy», 20-ноябрь, 2012-жыл

Которгон – «InoZpress.kg»

Түп нускага шилтеме : www.inozpress.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...