Акыркы макалалар

Өкмөт Кара-Кече көмүр карьерин иретке келтирет

Нарын областындагы өкмөттүн атайын өкүлү Аманбай Кайыпов көмүрдүн баасын кымбаттатууга жол ачкан алып сатуучулар менен катуу күрөш жүргүзүп жатат. Бул тууралуу күз-кыш мезгилине даярдык боюнча өкмөттө өткөн селектордук жыйында өкмөттүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору Памир Керимов билдирди.

Ал Нарын областында конференц-байланыштын жардамы менен кышка даярдык боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди.

"Коомчулуктун жардамы менен биз көмүрдүн баасын кымбаттатууга түрткү болгон тараптарды аны кескин кымбаттатпоого чакырдык таштадык. Ошондуктан областтагы баа анча кымбат эмес. Мисалы, Нарын областынын Ат-Башы районунда көмүрдүн баасы тоннасына 3,5 миң сом болуп жатат. Бул Нарындагы эң кымбат көмүр болуп эсептелет. Ал эми биз тургундар үчүн бул эң туура баа деп эсептейбиз. Жумгал районунда көмүр арзаныраак. Областтагы 85 пайыз мекеме көмүр менен жылытууга өткөрүлдү",-дейт Керимов.

Мындан тышкары аткаминер Кара-Кече карьеринде көмүр жүктөөнүн жаңы системасы киргизилгенин маалымдады.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...