Акыркы макалалар

Ошто УКТ мүчөлөрүн аныктоо боюнча "Ураган" операциясы башталды

Ош облусунун жана шаарынын аймагында бүгүн, 24-сентябрда "Ураган" деп аталган операция башталды. Анын алкагында милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныктоо, өзгөчө оор кылмыш жасаган шектүүлөрдү издөө, курал-жарак жана наркотикалык каражаттарды сатуу менен алектенгендерди аныктоо иштерин жүргүзүшөт.

ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, операциянын башталышында жергиликтүү милициянын башчысы Сүйүн Өмүрзаков тийиштүү тапшырмаларды берди. Ал тартип сакчыларынын өздөрүн мыйзамдуулукту сактоого чакырып, жарандардын укугун бузбоону буйруду.

Операция жыйынтыгы башкармалыкта каралып, милиция бөлүмдөрүнүн иши бааланат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...