Акыркы макалалар

Жыл башынан бери Ошто 2 млрд сомдук инвестиция тартылган

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 22-сентябрда "Алымбек Датка" аймактык кеңешинин тургундары менен жолукту. Жетекчи 8 айда аткарылган иштер тууралуу жыйынга келгендерге отчет берди.

Калаа башчынын айтымында, жыл башынан бери түштүк калаанын экономикасына 2 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган. Бул иштер АРИС, ФЕЦА, "Асанабил" дүйнөлүк фонду, Япония жана Россия өкмөттөрүнүн гранттары, ЕБРР, Азия Өнүктүрүү Банкы жана башка программалардын каржылык колдоосу менен аткарылган.

"Инвестициялардын эсебинен балдар жана спорттук аянтчалар, эс алуу жайларын оңдоо, көрктөндүрүү, жылуулук түтүктөрүн калыбына келтирүү, медицианлык жайларды куруу жана башка ушул сыктуу жумуштар аткарылууда",-деди Кадырбаев

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...