Акыркы макалалар

Кол салуу болгон "Дельта-Восток" күзөт агенттигинен 1,5 млн доллар уурдалган

Буга чейин кабарлагандай, Бишкек шаарындагы "Дельта-Восток" күзөт агенттигине белгисиз адамдар кол салып, анын жетекчисин атып кетишкен. Ал эми эки кызматкери жаракат алып ооруканага жаткырылган.

Белгилей кетсек, аталган окуя кечээ, 23-сентябрда кечинде Панфилов көчөсүндөгү үйдөлөрдүн биринде аталган күзөт агенттинин кеңсесинде болгон.

Аталган окуядан жабырланган айдоочу кол салган белгисиз тарап унаадан чоң суммадагы - болжол менен 1,5 млн доллар өлчөмүндөгү каражатты алып кетишкендигин айткан. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, акчанын экинчи бөлүгү - болжол менен 1 млн доллар каражат башка унаада болгон, аны кол салгандар алган эмес.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, "Дельта- Восток" күзөт агенттиги ишкерлерге инкассация кызматын көрсөтүп келген. Бул каражат ишкер тарабынан Түркияга жөнөтүү үчүн алынган.

Азыркы тапта окуя боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын КРнын ИИМи, Бишкек ШИИБ жана Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи жүргүзүп жатышат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...