Акыркы макалалар

Э.Эрматов:”Бир гана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги республикада иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзөт”

Бүгүн, 23-сентябрда, Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдык мааракесинде өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланды.

Салтанаттуу иш-чарада Улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов ӨКМнин дарегине алкоо сөздөрдү айтып, “Кыргыз Республикасында иш кагаздарды 100 пайыз мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жаткан бир гана министрлик бар –ал Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана бул министрлик биринчилерден болуп өзгөчө кырдаалдар боюнча сөздүк чыгарган”- деди Э. Эрматов.

Белгилүү болгондой, мамлекеттик тил мыйзамы мындан 25 жыл мурда, 1989-жылы 23-сентябрда легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...