Акыркы макалалар

А.Жээнбеков Британиянын парламентчилери менен жолугушууда К.Бакиевдин туугандарын экстрадациялоо маселесин көтөрдү

А.Жээнбеков Британиянын парламентчилери менен жолугушууда К.Бакиевдин туугандарын экстрадациялоо маселесин көтөрдү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда,Улуу Британия парламентинин депутаттарын – Улуу Британиянын Кыргызстан менен парламенттик достук тобунун башчысы Жон Мэнн жана аталган топтун жетекчисинин орун басары Эндрю Ричард Розинделди кабыл алды. Жолугушууга Улуу Британиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Жудит Маргарет Фарнвот катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки тараптуу мамилелер менен парламенттер аралык өнөктөштүк маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкууга алды.

Төрага А.Жээнбеков Кыргызстан 2010-жылдан баштап парламенттик башкаруу жолуна түшкөндүгүн белгиледи. «Парламенттик демократия мамлекеттин турмушундагы баардык тармактардын тутумдуу тазаланышына, өлкөнү ар тараптан өнүгүшүнө алып келет. Кыргызстан эли өлкөнүн өнүгүүсүнө тандалып алынган жолго зор үмүт артып турат. Бүгүнкү күндө өлкө бийлиги демократияны бекемдөө боюнча кабыл алынган чаралар менен бирге экономиканы өнүктүрүүнүн үстүндө алгылыктуу иштеп жатат. Инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, өндүрүш обьектилери түзүү, энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү боюнча көлөмдүү иштер аткарылып жатат”, - дейт ал .Ошону менен катар А.Жээнбеков сот тармагын реформалоо, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарынын ишмердүүлүгүн арттырууда бир топ кыйынчылыктар бар экендигин белгиледи. Буга байланыштуу төрага А.Жээнбеков Жогорку Кеңештин Улуу Британиянын парламенти менен тажырыйба бөлүшүүгө кызыктар экенин билдирди. «Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгынын потенциалы жогору», - деп баса белгиледи А.Жээнбеков.

Төрага өз сөзүндө тандалып алынган парламенттик демократия жолу өлкөдөгү бийликти тынчтык жолу менен алмаштыруучу кепилдиктердин бири экенин билдирди. Ошондой эле Кыргызстандагы шайлоо системасын реформалоо жараянына да токтолду. «Биз элдин шайлоолорго болгон ишенимин калыбына келтирүү максатын коюп жатабыз. Шайлоо процессине заманбап технологияларды, анын ичинде калкты биометриалык каттоо системасын киргизүү менен 2015-жылдагы парламенттик шайлоону демократиялык принциптердин негизинде ачык, таза өткөрүүнү пландап жатабыз», - деп белгиледи парламент жетекчиси.

Парламентарий Жон Мэнн өз кезегинде Улуу Бриятания Кыргыз Республикасын Борбор Азия чөлкөмүндөгү негизги өнөктөш катары эсептерин белгиледи. «Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолун тандап алды. Биз сиздердин өлкөнү кызматташуунун бардык багыттары боюнча колдойбуз. Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышы биздин приоритеттүү багыттарыбыздын таасын далили» деди ал.

«Британия парламенти дүйнөдөгү эң эски парламенттердин бири. Биз жеке сиз өзүңүз британиялык парламентке келип, биздин мамлекеттин парламенттик системасына киргизилген күчтүү салттык негиздер менен таанышып кетесиз деп ишенебиз” деген Эндрю Ричард Розиндел Төраганы Улуу Британияга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Тараптар М.Бакиевди жана анын жакындарын Кыргыз Республикасына экстрадациялоо жана алар тараптан мыйзамсыз сыртка чыгарылып кеткен акча каражаттарын кайтарып алуу тууралуу маселени талкуулашты. Төрага Кыргызстандын коомчулугу үчүн бул маселенин маанилүүлүгүн баса белгилеп өттү. Буга байланыштуу, Улуу Британия парламентинин өкүлдөрү бул маселенин маанилүүгүнө жана Кыргызстан бийлигинин позициясына өзгөчө көңүл буруп, ушул жылдын октябрында Улуу Британиянын Юстиция министринин Кыргызстанга иш сапары пландалып жатканын, ошондо ушул жана башка маселелер жогорку деңгээлде талкууланарын кабарлашты.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...