Акыркы макалалар

Дүйнөлүк практикада мыйзам долбоорлорунун 85-90% Өкмөт тарабынан сунушталат, - Т.Зулпукаров

КР Өкмөтү тарабынан бир катар мыйзамдардын ички жоболорунун, аткаруу механизмдеринин иштелип чыгышы кечиктирилип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров бүгүн, 23-сентябрда парламенттик радионун түз эфиринде билдирди.

Т.Зулпукаров Жогорку Кеңешинин демилгеси менен 19-сентябрда КР Өкмөтүнүн жыйынында парламент кабыл алган мыйзам, токтом-чечимдердин аткарылышы тууралуу маселе каралып, 35 мыйзамдын аткарылышы боюнча маселе көтөргөндүгүн белгиледи.

Анын айтымында, 2011-2013-жылдар мезгилинде 35 мыйзамдын ичинен КР өкмөтү тарабынан кабыл алынбаган токтомдордун жалпы санын 14тү түзөт, булар боюнча жоболорду жана эрежелерди кабыл алуу боюнча тийиштүү түрдөгү комплекстүү иш-чаралар жок.

Мындан сырткары, депутат дүйнөлүк практикага ылайык, мыйзам долбоорлорунун 85-90% Өкмөт тарабынан сунушталаарын айтып, кабыл алынган мыйзамдардын сапаттуу болушу үчүн мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан сунушталса деген пикирин ортого салды. Ал кабыл алынган бир топ мыйзамдардын ички жоболорунун, аткаруу механизмдеринин иштелип чыгышы кечиктирилип жаткандыгын кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...