Акыркы макалалар

Алыскы тууган же Россия менен Кыргызстандын мамилелерине досье

Алыскы тууган же Россия менен Кыргызстандын мамилелерине досье

Кыргызстан курамына Россия, Казакстан жана Белорусия кирген Бажы биримдигине кирүүгө белсенип жаткан чагы. Кыргызстандын эң маанилүү стартегиялык шериги жана кылымдардан бери өз ара алака-катыш кылган Россия менен эгемендиктен кийинки кызматташтыкка саресеп кылдык.

Тышкы саясатта

Россия менен Кыргызстандын ортосунда 1992-жылы 20-мартта дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери кызматташтыктын баардык тармактарында 200дөн ашуун мамлекеттер аралык келишимдер менен макулдашууларга кол коюлган экен. Негизги саясий документтер болуп 1992-жылы кол коюлган Достук, кызматташтык жана өз ара көмөктөшүү жөнүндө келишим жана Түбөлүк достук, биримдик жана шериктештик тууралуу 2000-жылы кол коюлган келишимдер саналат.

Кыргызстандын мамлекет башына Алмазбек Атамбаев бийликке келген 2011-жылдан тартып ушул учурга чейин Россияга тогуз жолу иш сапар менен барса, анын үчөө расмий иш сапар, калганы жыйындардын алкагындагы иш сапарлар болгон.

Россия менен Кыргызстан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ), Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ), Евразиялык экономикалык шериктештик (ЕврАзЭШ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында кызматташып келет. 2011-жылы Кыргызстан Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүү тууралуу ниетин билдирген. 2014-жылдын 12-майында Кыргызстан өлкөнү Бажы биримдигинин курамына киргизе турган “жол картасынын” долбоорун бекитти.

Эки өлкөнүн экономикалык байланышы

Кыргызстандын товар жүгүртүү көлөмүндө Россия республиканын тышкы соода жүгүртүүсүнүн 27 пайызын ээлөө менен биринчи орунда турат. Россиянын Федералдык бажы кызматы берген маалыматка таянсак, 2013-жылы эки мамлекеттикн ортосундагы товар жүгүртүү 2 млрд 139 млн сомго жеткен. Анын ичинде импорт -110 миллион доллар, экспорт- 2 миллиард долларды түзгөн. 2014-жылдын январь-июнь айында эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү 897 млн сомго жетсе, экспорт - 864 млн доллар, импорт - 33 млн долларга чамалаган. Кыргызстандан негизинен Россияга азык-түлүк товарлары, пахта жана текстиль буюмдары экспорттолот. Россия минералдык продукцияларды, азык-түлүк товарларын, химия өнөр жай товарларын, машиналарды, жабдууларды. транспорт каражаттарын жана отунду экспорттойт. Россия Кыргызстандын экономикасындагы инвестиция көлөмү боюнча АКШ, Канада, Түркия жана Казакстандан кийинки бешинчи орунду ээлейт.

Дагы бир өзгөчө белгилечү жагдай орус өлкөсү Кыргызстанга 90 пайыз күйүүчү майлоочу материлдарды жеткирет, бул жылына 750 тоннаны түзөт. Республиканын күйүүчү майлоочу материадарга карата жылдык керектөөсү -1 миң 200 тонна. Бул жагдайды өзүнө бөлүп караганыбыздын себеби 2010-жылы Россия күйүүчү майга бажы салыгын 100 пайыз кымбаттатып, анын натыйжасында өлкөдө май кымбаттап, ыңкылап болгон эле. 2011-жылдан тартып Россия мунай продуктуларына экспорттук салыкты берүүдө жеңилдик караган.

Азыр Кыргызстанда Россиянын капиталы салынган 11 ири ишкана иштейт, алардын арасында "Газпром нефть Азия" ачык акционердик коому (ААК), “Карабалта тоо кен комбинаты” ААКы, "Тянь-Шань - Олово", “Орловский химико-металлургический завод", "Технопромэкспорт" сыяктуу ири ишканалардын капиталдары бар.

Кыргызстанга берилген жана кечилген насыялар

Буга чейин Россия Кыргызстанга Камбарата - 1-ГЭСин курууга 1, 7 миллиард доллар насыя берген. Бул тууралуу документке 2009-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Москвага жасаган иш сапарында кол коюлган болчу. ГЭСтин курулушунан тышкары Кыргызстан 300 млн доллар мамлекеттик насыяны 40 жылдык мөөнөттө, ошондой эле 150 миллион доллар грантты кайтарымсыз негизде алган эле. Мындан тышкары Россия 180 миллон доллар көлөмүндөгү Кыргызстандын ошого чейинки карызын “Дастан” ачык акционердик коомунун 48 пайыз акциясы үчүн кечүүгө макул болгон. Бирок мурдагы жетекчилик өзүнө алынган милдеттерди аткарбай койгон жана 2010-жылы бийликке келген жаңы өкмөт Бакиевдин режимин россиялык насыяны максатсыз пайдалангандыгы үчүн айыптаган. 2012-жылы өлкөнүн жаңы президентинин Россияга жасаган иш сапарынын учурунда Кыргызстандын Россиянын алдындагы карыздарын жөнгө салуу тууралуу өкмөттөр аралык келишимге жетишилген. Кыргызстан 2005-жылы Россияга -188, 9 миллион доллар, 2009-жылы -300 млн доллар болуп, жалпысы 489 млн доллар карыз болгон эле. Келишимге ылайык 188,9 миллион доллар толук көлөмдө кечилип, ал эми 300 миллион долар 10 жыл аралыгында тең үлүш менен берилмей болгон. “Дастан” заводунун акциялары кыргыз тараптын сунушу менен сатыкка коюлмакчы.

Мындан тышкары эки мамлекет аскердик, маданий, гуманитардык жаатта кызматташтыгын улантууда.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...