Акыркы макалалар

Чүйдө «Кызылча - Талаа күнүндө» түркиялык кант кызылчасын казып жыйноочу комбайны иш үстүндө көрсөтүлөт

Ушул жылдын 3-октябрында «Чоң-Арык» дыйкан чарбасында «Кызылча - Талаа күнү» өтөт. Бул тууралуу мааракенин координатору Манас Саматов билдирди.

Иш-чаранын максаты – сезон кызуу башталганга чейин казып жыйноо иштерин заманбап техникалардын колдонуу менен кыска мөөнөттүн ичинде бүтүрүүнүн жолдорун биргеликте үйрөнүү.

Мааракеде Түркияда жасалган BARIS заводунун кант кызылчасын казып жыйноочу комбайны иш үстүндө көрсөтүлөт. BARIS комбайны Түркияда жасалган машиналардын ичинен эң жакшы моделдеринин бири болуп эсептелет.

Мындан башка дагы ALTINORS аттуу заводдун да чиркеме жана өзү жүрүүчү чакан кызылча казып жыйноочу комбайндары бар.

Мааракеге Сары-Өзөн Чүйдүн бүт фермерлери, кызылчачы дыйкандар тейлей турган фирмалар, лизинг кызматын көрсөткөн банктар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жаш ишкерлер, инвесторлор чакырылды.

«Кайыңды-Kант» заводу, «Чоң-Арык» дыйкан чарбасы, «Кыргыз МИС» машина сыноо станциясы жана «Кыргыз Агро Маркет» компаниялары менен биргеликте уюштурулуп жаткан иш-чара Чүй облусунун Кант шаарынын четинде жайгашкан «Чоң-Арык» дыйкан чарбасында өткөрүлөт. Канттагы кызылчаны кабыл алуу ишканасы 7-октябрдан баштап иштей башташы күтүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...