Акыркы макалалар

Медициналык камсыздандыруу фондунун байкоочу кеңешине сынак жарыяланды

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Коомдук байкоочу кеңешинин жаңы курамына сынак жарыяланды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, байкоочу кеңештин курамы 11 адамдан турат. Президенттин 2013-жылдын 3-июнундагы "Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө" жарлыгына ылайык Коомдук байкоочу кеңештердин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2013-жылдын 31-декабрына чейин узартылган. Азыркы учурда Коомдук байкоочу кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия коомчулуктун, коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык союздардын, эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрүнөн, министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун ишине аралашкан чөйрөлөрдөн бир катар мамлекеттик органдардын, анын ичинде ММК фондунун алдындагы, коомдук байкоочу кеңештердин жаңы курамына тандоо үчүн сынак жарыяланган.

Сынакка катышуу үчүн документтер бул кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып бир айдын ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Почта дареги: 720003, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 207 ("Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадр иштери бөлүмүнө" деген белги менен), же электрондук почтага (PDF форматында бир файл менен көлөмү 5 МВдан ашык эмес) төмөнкү дарек боюнча: jumaliev@mail.gov.kg "сынакка" деген белги жана конкреттүү мамлекеттик органды көрсөтүү менен.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...