Акыркы макалалар

Баткен облусунда Айгүл тоосунун аймагын тосмолоо жана туристтерге ыңгыйлуу шарт түзүү жумуштары октябрда аяктайт

Баткен облусунда Айгүл тоосунун аймагын тосмолоо жана туристтерге ыңгыйлуу шарт түзүү жумуштары октябрда аяктайт

Баткен облусунда Айгүл гүлүн корукка алуу жана гүлдү көргөнү келгендер үчүн ыңгыйлуу шарт түзүү максатында Айгүл тоосунун айланасын тосмолор менен тосуу жана шарт түзүүгө КР өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан 2 млн 800 миң сом каралып, тендер жарыяланган.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, тендерди «Альфа интернейшнл» компаниясы утуп, жумуш баштаган. Бирок алардын аткарган жумушу канааттандыраарлык болбогондуктан бир топ эскертүүлөр берилип, 20-октябрга чейин жумушту бүткөрө турган болушкан.

Баткен аймактык айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба башкармалыгынын башчысы Саитибрагим Темирбековдун айтымында, «Айгүл тоосунун» аймагы 252 гектар жер аянтын түзөт. Эгерде бул иш бүтүп калса, гүлдү көрүү үчүн келген конокторго жакшы шарттар түзүлөт.

Ошондой эле, И.Темирбеков Айгүл гүлү ыйык жана сейрек кездешүүчү гүл экендигин, 2014-жылдын апрель айында өткөн эл аралык форумда дал ушул тоонун боорунда Айгүл гүлүнүн тарыхын чагылдырган сахналаштырылган көрүнүш инвесторлордун жогорку баасына татыгандыгын баса белгиледи.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...