Акыркы макалалар

Вице-премьер Т.Сарпашев: Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Иш-аракет пландарын аткаруу иши көбүнэсе жасалма мүнөзгө ээ

Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Иш-аракет пландары үстүбүздөгү жылдын июнь айынан тарта ишке ашырыла баштаган, деди Өкмөттүн жыйынында Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Бишкек жана Ош шаар мэрлеринин иш-аракет пландарынын аткарылышы боюнча маалымат учурунда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев.

Анын айтымында, мында пландарды аткаруу иши көбүнэсе жасалма мүнөзгө ээ, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тараптан План пункттарынын аткарылышынын жүрүшү тыкыр көрсөтүлбөйт.

«Сандарга токтолсок, Баткен облусу боюнча, бүгүнкү күндө Планда көрсөтүлгөн 18 пункттун 6 пункту аткарылган, калгандары боюнча иштер жүрүүдө. Жалал-Абад облусундагы 25 пункттан турган Пландын 11и ишке ашырылган. Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн Иш-планы 20 пункттан турганы менен, учурда аткарылган иштери тууралуу маалымат түшө элек. Ага катар белгилей кетчү нерсе, 1 миң жумушчу орунду түзүү боюнча пункттун аткарылышы үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат. Облуста инвестицияларды тартуу, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, жаңы ишканаларды түзүү боюнча иштер жетишсиз деңгээлде аткарылууда. Бүгүнкү күнгө дейре «Кара-Кечедеги» абал турукташтырылган эмес. Бул облус бюджетинин 83% борбордон кошумча каржыланып жаткан учурда орун алууда», — деди ал.

Ысык-Көл облусу тууралуу маалымдоодо биринчи вице-премьер-министр мындагы Иш-план 28 пункттан тураарын жана негизги басым туризмди жана ага тийиштүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жасалгандыгын белгиледи.

«Чүй облусунун ыйгарым өкүлүнүн Планы 15 пункттан туруп, ал 55 бөлүккө бөлүнгөн. Учурда 17 белгиленген пландар ишке ашырылса, калган 38и боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Облус жетекчилигине дотацияда отурган айыл башкармалыктарынын санын азайтып жана иштетилген жердин көлөмүн жогорулатуу зарыл экендиги айтылды. Учурда облустагы 105 айыл башкармалыгынын 58и көмөкпул алат, ошо эле учурда облустун мүмкүндүгү кенен. Ушундай эле абал Талас облусунда орун алган, анда 48 иш-чаранын 18 пункту ишке ашырылган. Ал эми Ош облусунда белгиленген Пландын 36 пунктунун 16 пункту толугу менен аткарылган», — деди баяндамачы.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...