Акыркы макалалар

Сатылып кетти деген ымыркай табылды

Бишкектин №1 төрөтканасынан гинеколог-дарыгер сатып ийди деген ымыркай Бишкектин медициналык мекемелеринин биринен аман-эсен табылды. Ымыркайды бул медициналык мекемеге белгисиз адамдар түн ичинде таштап кетишкен. Бул тууралуу ИИМ өкүлү Эрнист Осмонбаев “Азаттыкка” билдирди.

Мындан мурдараак Ички иштер министрлиги №1 төрөтканадан 27-августта төрөлгөн ымыркайды өз алдынча иш алып барган гинеколог сатып деп кылмыш ишин козгогон. Кылмышка шектүү гинеколог камакка алынып, 16-сентябрда үй камагына чыгарылды. Учурда териштирүү иштери уланууда.

Төрөткана жетекчилиги жана Бишкектин Саламаттыкты сактоо департаменти ымыркай сатылды деген маалымат тастыкталбаганын айтып келет.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...