Акыркы макалалар

Дүйнөдөгү эң ири компьютер оюндарынын көргөзмөсү Жапонияда ачылды

Дүйнөдөгү эң ири компьютер оюндарынын көргөзмөсү Жапонияда ачылды

Дүйнөдөгү эң ири эл аралык компьютер оюндарынын Tokyo Game Show көргөзмөсү Токио калаасында бүгүн ачылды. РИА Новости булагы билдиргенине караганда, эл аралык көргөзмөгө 420 компания өздөрүнүн жаңы компьютердик техникаларын жана оюндарын сунуштап жатышат. Быйылкы жылдын эң башкы өзгөчөлүгү компьютер оюндары жана виртуалдык чындыкка толук чулгуп кетирген гаджеттер болууда. Көргөзмөдө атактуу Sony акыркы чыккан заманабап PlayStation4 шлемдерин көрсөттү. Ал оюн талаасында үнү жана көрүүсү 360 градуста болот. Ал эми Samsung компаниясы дагы ошондой эле шлем, көз айнек жана угуусу дагы күчтүүсун сунуш кылды.

Бул дүйнөдөгү эң ири компьютер оюндарынын көргөзмөсү 24 ирет ачылып отурат. Уюштуруучулардын айтымында, 420 компаниянын катышуусу былтыркы жылга салыштырмалуу 20% өстү дегенди билдирет. Төрт күнгө созула турган көргөзмөгө 220 миңден ашык көрүүчү келиши күтүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...