Акыркы макалалар

Бишкекте Кыргызстандын ат салттары жөнүндө китептин бет ачары болду

Бишкек шаарында “Тоолуу Кыргызстандын күлүктөрү” аталышындагы КРнын ат салттары жөнүндө китептин бет ачары болду.

Китептин авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев белгилегендей, аталган китепти чыгаруу Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна арналган жана ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катышуучуларына көрсөтүлдү. Бул тууралуу кыргыз парламентинин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат аталган китептин авторлоруна китепти чыгаруу идеясы Кыргызстандын аттары жөнүндө француз автору Жаклин Рипардын эмгеги түрткү болгондугун белгиледи. “Кыргыздардын элдик салттары ар намыстын, жеңиштин жана ийгиликтин символу болгон ат менен тыгыз байланыштуу. Кыргыздар бул жаныбарга өзгөчө маани берип келишет, ал кыргыздарды жашоодо, жолдо, согушта коштоп келген”,-дейт ал.

Китептин авторлору “Саяпкер” журналынын редактору Айнура Эргешова жана Темир Дүйшекеевдер “Улут Ордо” жана “Көк бөрү” федерациясынын колдоосу менен чыгарылган жана аталган долбоорго катышкандыгы үчүн депутат К.Иманалиевге терең ыраачылыгын билдиришти.

Бет ачарда белгиленгендей, китеп Кыргызстандын ат салттары жөнүндө кеңири маалымат бере алат.

Китеп 1000 нуска менен чыгарылган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...