Акыркы макалалар

З.Көчөрбаев: “Митинг ийгиликтүү өтүп, ЖКнын депутаты сүрөтчүлөрдү жоопко тарта тургандыгын белгиледи

Бүгүн Бишкектеги КРнын Жогорку Кеңешинин алдында “Кыргыз Чоролору” коомдук бирикмесинин 40 адамдан турган Кырк чоро кошуну атайын митинг өткөрүштү. Бул тууралуу “Кыргыз Чоролору” коомдук бирикмесинин төрагасы Замирбек Көчөрбаев билдирди.

Анын айтымында аталган митингге улуттук намыска жана улуттук, руханий баалуулуктарга шек келтирген иштерди токтотуу максатында Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам кабыл алышын талап кылуу үчүн чыгышкан.

“Кече биз прессадан өзүбүздүн ойлорубузду айтып өткөн элек. “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Кырк чоро”, “Ата-Мекен”, “Ата-Журт”, “Ар намыс” жана башка ата-баларыбыздан бери муундан муунга өтүп, өзгөчө маани берип ыйык тутуп келген ысымдар, ыйык сөздөр, бүгүнкү күндө арак ичимдиктерге, конфет шоколаддарга коюлуп, саясий партиялардын аттары аталганын жана айрым сүрөтчүлөрдүн кыргыз элин мазактап көргөзмөлөрдү уюштургандыгын айткан элек. Бул атайын кыргыз улутуна каршы жүргүзүлүп жаткан идеология деп ойлойбуз. Ушул сыяктуу иш-аракетти токтотуу максатында бүгүн биз Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасадык.

Кайрылуубузду угуу үчүн ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев жана Кыргызпатенттин өкүлдөрү чыгышты. Акция ийгиликтүү өткөрүлдү деп айта алам. Анткени биз 40 чоро маданияттуу жол менен бардыгын мыйзамдуу түрдө өткөрүп, максатыбызды түшүндүрө алдык. Жанагы айтып жаткан ичимдиктерди рыноктон алып салуу үчүн Кыргызпатенттин өкүлдөрү иш-аракеттерди көрө тургандарын айтышты. Ал эми кыргыздын кадыр-баркына шек келтирген сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүн жана алардын иш-аракетин ЖКын депутаты Каныбек Иманалиев колго ала тургандыгын билдирди. Бул боюнча ал атайын эксперттик комиссия түзүп, сүрөтчүлөрдү жоопко тарта тургандыгын белгиледи”,-дейт З.Көчөрбаев.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...