Акыркы макалалар

КР Жогорку Сотунун КР Акыйкатчысы Б. Аманбаевге кайрылуусу

16-сентябрда АКИpress маалымат агенттигинде КРнын акыйкатчысы Б.Аманбаев маалымат жыйын өткөрүп, анда жарандардын баш коргоо чарасын абакта кармоого карата чечим чыгарбаш үчүн айрым судьялар менен тергөөчүлөрдүн ала турган белгиленген суммалары бар экендигин айтып чыкты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту мындай эч бир далили жок, одоно күнөө коюу Кыргыз Республикасынын акыйкатчысына аброй алып келбейт деп эсептейт. Жөн эле имиштерге таянып доомат коюуга жол берилбейт.

Азыркы учурда тилекке каршы, сот тутумунда бир катар көйгөйлөр бар. Акыркы окуялар көргөзгөндөй, учурда өзүнүн кесибине шалаакы жана кайдыгер караган айрым бирөөлөрдүн аркасынан жалпы сот тутумуна сөз тийип жатат. Бирок, мындай фактылар такталган учурларда, андай судьяларга карата тиешелүү чаралар колдонулат. Мисалга, бүгүнкү күнгө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊеши тарабынан Кыргыз Республикасынын бир катар судьяларына карата кылмыш ишин козгоого жана ээлеген кызматынан четтетүүгө макулдук берилди, алардын айрымдары боюнча айыптоо өкүмү да чыгарылды. Ошол эле учурда судьялардын дарегине соттук териштирүүлөрдө кызыкдар болуу менен бир тараптын гана кызыкчылыгын жактап келет деп акыйкатчынын ишмердигине карата даттануулар көп келип турарын да белгилей кетүүбүз керек. Мисалы, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда үч жашар кызын зордуктаганы үчүн айыпталган У.Сакатаевдин жазык иши каралып жатканда Б.Аманбаев соттоолучунун жактоочусу менен бирге, сот процессине кийлигишүүгө аракет кылган. Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Соту соттолуучу У.Сакатаевге карата айыптоо өкүмүн чыгарып, 24 жылга эркинен ажыраткан.

Эгерде Б.Аманбаевде, коррупциялык укук бузууларга байланышы бар айрым судьяларга карата конкреттүү фактылары бар болсо, ал маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна берүүсүн жана мындан ары имиштерге таянып, далили жок сүйлөй бербөөсүн өтүнөбүз.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...