Акыркы макалалар

3-октябрда атактуу инсандардын, ырчылардын портреттери жана скульптуралары көргөзмөгө коюлат


3-октябрда Бишкектеги С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр союзунун галереясында “Бейне” долбоорунун алкагында сүрөтчүлөрдүн колунан жаралган эстрада ырчыларынын жана белгилүү инсандардын портреттери, скульптуралары көргөзмөгө коюлат. Бул тууралуу аталган долбоордун түзүүчүсү Тынчтыкбек Кожобеков билдирди.

Кожобеков билдиргендей , учурда 30дан ашуун атактуулардын портреттери жана айкелдери даяр.

Долбоордун үстүндө 18 жаш сүрөтчү иш алып барууда. Алар: Байзак Алыбаев, Айып Алакунов, Максат Моңолдоров, Темиров Бахрам, Матаев Нурбек, Жунушев Жакшыбек, Осмонов Нурлан, Шаршекеев Алмаз, Татиев Адис, Замир Илипов, Кубанычбек уулу Амантур, Кайыпов Камчыбек, Ормонбеков Чыңгыз, Чоюбеков Урмат, Алышбаев Жылдызбек, Кебек уулу Нурлан, Эсеналиев Толкунбек, Жороев Арзымат.

Көргөзмөдө Муратбек Бегалиев, Болот Шамшиев, Каныкей Эралиева, Саламат Садыкова, Керим Турапов, Күмөндөр Абылов, Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева, Нурайым Азыкбаева, Юлия Руцкая, Гүлзада Рыскулова, Нэна, Каныкей, Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов, Гүлжигит Калыков, Мирбек Атабеков, Замир Арыкбаев, Нурзат Токтосунова, Анжелика, Эрнест Абдыжапаров, Чыңгыз Мамаев жана башка атактуу инсандардын портреттери жана скульптуралары орун алат. Белгилей кетсек, көргөзмө 15-октябрга чейин уланат.

“Долбоордун башкы максаты - сүрөтчүлөрдү таанытуу жана атактуулардын портреттерин көзү тирүүсүндө тартып калуу, искусствонун эң бийиги болуп саналган живописти элге сүрөтчүлөрдүн калеми аркылуу жеткирүү. Спортчулар, саясатчылар, ырчылардай эле биздин арабызда улуу өнөрдүн ээси болгон сүрөтчүлөрдүн да бар экенин элге жеткизүүнү көздөдүм. Элдер митинг, пикет менен алышпай, искусство аркылуу ички дүйнөсүн азыктандырса дейм. Анткени жан дүйнөбүз байыганда гана мамлекетибиз өнүгөт. Долбоор коммерцияны көздөбөйт, сүрөтчү ырчыдан, ырчы сүрөтчүдөн акча албайт. Сүрөтчү өзүлөрүнө жаккан өнөрпозду тартышат. Өзүмдүн үй-бүлөмдүн бюджетинен чакан каражат бөлүп, бул көргөзмөнү уюштуруп жатам”,- дейт Тынчтыкбек Кожобеков.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...