Акыркы макалалар

Кыргызстанда пахта түшүмү эки эсеге азайды

Кыргызстан өндүрүп жаткан пахта продукциясынын көлөмү 15 жыл мурдагыга салыштырмалуу эки эсеге азайды. Мурда пахта талаалары 80 миң гектардан ашуун жерге эгилип, 200 000 тоннага чейин ак алтын жыйналса, учурда 20 миң гектардан ашуун жерге гана пахта эгилет. Жыйналган түшүм 100 миң тоннадан бир аз ашат. Бул тууралуу “Азаттыкка” экономика министри Темир Сариев билдирди.

Пахта талааларынын кыскарышына ак булага болгон баанын өспөй жатышы себеп болууда. Дүйнөлүк рынокто ак алтындын баасы жогорулаганы менен мындай көрүнүш Кыргызстанда байкалбайт.

Былтыр 1 кг пахта 37-42 сомдон сатылса, быйыл канча сом болору дагы эле чечилген жок. Пахта кабыл алуучу заводдон нарк октябрда аныкталарын айтып жатышат. Ушул тапта Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызуу жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...