Акыркы макалалар

Уй баксаң, угуп ал…

Уй баксаң, угуп ал…

– Мен Голландиянын, Американын, Германиянын уйларынын түрлөрүн багып көрдүм. Мисалы, Голландия тукумундагы ак-кара чаарала чоң уй суткесине орточо 30 литрден арбын сүт берет. Бирок, Кыргызстандын табигый шартында багууга жарабайт экен. Аларга түз жер керек. Аларды биздин уйлардай тоо-ташка жайып жиберип, жата берүүгө болбойт. Жем-чөптү күнүнө өз убагынан бир саат да кечиктирбей берет. Жанынан калбай ээрчип жүрүп, таптаза сарайына айдап келип, эрежеси менен багылат. Сөөгү морт болот. Арыктан аттап жыгылса буту же жамбашы сынат. Асыл тукумдуу уй багуунун 17 жылы ошондой бир нече кемчиликтерди, жаза басууларды баштан өткөрүп жүрүп, тажрыйба топтодум. Бир нече уйларды ошентип өлтүрүп алган да учурум болду. Андай малга европалыктардай шарт түзүү үчүн эбегейсиз чоң каражат керектигине көзүм жетти.

Кыргыз уйларын баккандай шартка бир гана швейцариялык уйлар чыдайт. Швейцариянын тоолуу климаты, табигый шарты, ал түгүл уйларынын кыргыз жерине тез көнүп кетиши да окшош. Союз тарагандан кийин Кыргызстанда асыл тукумдуу мал багуу чарбалары да очорулуп калбады беле. Тилекке жараша, көп жылдык тажрыйбасы бар ветеринардан куру кол калбаптырбыз. Мына ошол ветеринарлар аркылуу чет мамлекеттерден асыл тукумдуу малдын уругун алдырып, аргындаштырып багып жүрдүк, – дейт фермер Адыл Садабаев.

Швейцариялык уйлар бизге жарайт

67 жаштагы Адыл Садабаев өмүрлүк жары Нурмира экөө асыл тукумдуу уйларды багы-шарын, анын бир уюн 120-130 миң сомдон сатып алгандар бар экенин, сапаттуу сүт менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө да жардам берип жатканын уккам.

Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Ак-Өргө конушу тарапка фермер жубайларды издеп бардым. Адыл ага союз учурунда өзүнүн өмүрүнүн нечен жылдарын инженер-курулушчу кесибине арнаптыр. Өлкөдөгү эң ири объектилердин бир тобуна азыр тил бүткөн болсо: «Адыл Садабаевдин менде да эмгеги бар», – деп, «сүйлөп» жиберишмек.

Заман алмашып, доор тогошкон өткөн кылымдын токсонунчу жылдары өлкөдөгү мамлекеттик курулуштар токтоп, нечен кадрлар жумушсуз калды. Алтынга бергис адистерди баалап, баркын билген эч ким болбоду. А Нурмира эже болсо трикотаж фабрикасында эмгектенип, андагы келин-кыздарга насаатчы эле. Жаштыгына карабай жергиликтүү советтерге депутат болуп жүрчү. 16 жыл коммунисттик партиянын катарында жүрдү. Ушунун баарына карабай миңдеген жарандар сыяктуу эле жумушсуз калган жубайлар абалдан чыгуунун, тың оокат өткөрүүнүн аргасын издешет. Көп кабаттуу үйдөгү квартирасынан бул жакка көчүп, жерге жакын, малга кароо болуп оокат өтөгөнгө өтүшкөн эле.

Мына ошентип, 1995-жылдан бүгүнкү күнгө чейин асыл тукум уйларды багуу менен алектенип келишет. Ал арада бир уул, үч кызды өстүрүштү. Балдарынын улуулары небак уядан учуп, чет мамлекеттерге иштеп кетишкен. Мен үй ээси жана анын өмүрлүк жары менен маектешип, короо-жайын аралап көргөн убакыттын ортосунда, сүт сатып алууга келгендердин аягы суюлган жок. «Мына, байбичем экөөбүз сүттү базарга алып чыгып убара тартпайбыз. Биздин сүттүн сапатын, уйлардын убагында эмделип турганын кардарларыбыздын баары билишет. Көп учурда жетишпеген үй-бүлөлөргө, багар-көгөрү жокторго бекер беребиз. Калганы деле сатыкка кетсе бизге жетет», – дейт фермер.

«Бир уйду 120 миң сомдон алып кетишет»

– Асыл тукум уйларды багуу боюнча көп жылдык тажрыйбамды алатоолук мекендештериме, аркадан келе жаткан жаштарга үйрөтсөм деген тилегим бар.

Жайында Өмүрбек Бабанов Премьер-министр болуп турганда, бир күнү телевизордон «Германиядан асыл тукумдуу уйларды алып келип багуу керек» – деп жатыптыр. Кокуй, биздин чоңдор 4000 долларлык австриялык кочкорлорду алып келгендей, дагы жаңылыштык кылбасын деп, дароо бийликтегилерге өз пикиримди, тажрыйбаларымды билдирейин деген алгачкы ойлор мага тынчтык бербеди, – дейт фермер. – Уй күнүгө 22-25 литрден сүт берсе гана ээси банкрот болбой, чыгымы акталат. Айрыкча, акыркы жылдары чөптүн бир түгү кышында «алтынга» тете болуп турган учурда жаштарыбыз мал багуудан качып калбасын деп жатам. Асыл тукумдуу бир уйдан күнүнө 35-40 литрге чейин сүт алып бизнес жасоого болот.

Адыл ага квартира, там сатып алганда асыл тукумдуу бир топ уйларынын ар бирин 120-130 миң сомдон сатууга туура келгенин айтат. Адыл ага уйларын мал базарга алып чыкпайт. Ар бир үч айда келип дарылап, катуу көзөмөлгө алып турган, малдын асыл тукумдуулук жайын жакшы билген ветеринарлар аркылуу гана соо¬даланат экен. Зеңги баба асыл тукумдуулугун баалаган бизнесмен көп соодалашып отурбай эле айдап кетет. Жыл сайын орто эсеп менен ондон уйдун кардары табылат. Букалары союлуп, сатылып кетет. Фермер өткөн жылдарда үч асыл тукум уйду короодон уурдатканын айтып кейип да алды. Учурда алты саан уй, төрт бооз ую бар экен. Андан тышкары, бир жылга жете элек түрдүү тукумдан алынгандары, аты менен өзүнчө бир сарайда бөлүнүп багылып туруптур.

Адыл агайдын азыркы 1,5 жаштагы швейцариялык бооз уйлары март айында тууйт. Биринчи эле жылы 22 литрдин тегерегинде сүт бере баштайт. Салыштырып карасак, биздин кыргыз уйлары биринчи жылы тууганда орточо 8-9 литрден зорго сүт берет. Ошол эле учурда швейцариялык уй менен кыргыз уйга кеткен чыгымдын көлөмү бирдей. Багуу түйшүгүндө деле айырма жок. Мына ошондуктан, Адыл ага бардык чет элдик уйлардын көбүн асырап жүрүп, акыры швейцариялыкка гана токтогонун короосун кыдыртып, айтып берип жүрдү. Биздин кыргыз уйларынын эң мыкты сүт бергени 16 литрден ашпайт. «Асыл тукумдуу малга бооз кезинде кам көрүү өтө маанилүү. Тууганга эки ай калганда уйга арпадан жем, чөптүн сапаттуусун, сабизди, тоют кызылчасын ж.б. витаминдүү азыктарды берүү зарыл. Бир маал улпак да берилет. Көп эле кыргыз айылдарына барсаң туура эмес көрүнүшкө туш болосуң. Уй тууруна эки ай калганда “семирип кетип, ичиндеги музоосун кысып коёт” деген жаңылыштуу пикир менен малдын организмине керектүү тоютту тартып коюшат.

Мен тескерисинче, уйларымдын тууруна эки ай калганда байлап союш¬ка даярдап жаткан сыяктуу кылып, чака-чака жемдерди берем. Таза абага көп алып чыгып, ары-бери бастыртам. Жем-чөп берерде гана сарайга камайм. Жаңы туулган музоону таразага тартып, салмагын билебиз. Алгачкы күндөрү энесинин сүтүн упчу менен жарым литрден баштап, күн сайын улам көбөйтүү менен азыктандырылат. Музоого сүттү туптуура үч ай бою күнүнө үч маалдан ичирип турам. Бир эле учурда жем, чөп, аптасына үч жолу 150 граммдан сабиз, алманын кабыктары сыяктуу витаминдерди берип көндүрө беребиз. Ал эми уй баккан көпчүлүк элибиз музоону энесине бир айдан ашык нормасын билбей эле эмиздире берет. Анан сүткө жем кошуп тамактандырууга өтүшөт. Салыштырсам, биз, кыргыздар, бешбармакты жегенден кийин аркасынан чайды өкүртө «уруп» алабыз. А сиз бешбармакты жебей туруп, чайга аралаштырып көрсөңүз… Ушул сыяктуу эле малга адегенде сууну берип, андан бир топ убакыт өткөндөн кийин гана жем бергениңиз туура. Андай кылбасаңыз жемдин азыктуулугу болбойт. Ушуну көп адам билбейт. Мисалы, жакшы чөп берсең жемди азыраак берүүнү, начар чөптүн аркасынан жемди көбүрөөк берүүнү да эстен чыгарууга болбойт дейт, – Адыл Садабаев.

Ар бир чөптүн аш болумдуулугун билиш керек. Бедеде 55, тоонун чөбү менен экспарцетте 45, жүгөрүнүн бакалында 20, саманда 10 килокалория болот. Чөптү суткенин кайсы учурунда чабууну да билүү зарыл. Мен жерге жарык үрөң-бараң киргенде, же болбосо таңкы саат 4 чамасында чөп чабууну баштайм. Чөптү гүлдөгөн кезде чаап алса азыктуулугу, витаминдүүлүгү боюнча туу чокуга жетип турган болот. Эртең мененки саат 9га чейин чапкан чөптө бардык азыктуулук сакталат. Чабылган чөптү ным боюнча эмес жана өтө кургатып жибербей жыйнап, боолап алууну билүү керек. Эгерде чөптү ийип көргөндө чорт сынып калбай кайра калыбына келсе, демек азыктуулугу сакталган. Өтө кургап кеткен чорт сынма чөптүн куурайдан айырмасы болбой калат. Былтыр бир боо чөптүн баасы 350 сомдон башталып, республикабыздын алыскы аймактарында 800 сомго чейин жетип жатты. Мекендештериме айтарым, 40 боо чөп сатып алып жатсаң, бир таңгагын ачып чачтырып көр. Эгерде чөп жалбырактары менен чыгып, жогоруда айтылгандай ширелүү болсо сапаты жакшы. Начар болсо баасын түшүрүп ал.

Акылбек Жапаров туура айткан?

– Кыргызстандык фермер¬лердин байы аз, оокаты өйдө көтөрүлө албай жатканы абдан көп.

Себеби, малдын сапатына басым жасай элекпиз. Малды эмдөөдөн өткөрүп, ар бирин номерлештирүүнү тез арада колго албасак болбойт. Номерлештирилген малды цивилдүү өлкөлөрдөгүдөй компюьтерге салып, каттоо базасын жүргүзүү Кыргызстанда ушул кезге чейин бир кылка тартипке салына элек. Мына ушул себептен мал башаламан дарыланып же таптакыр дарыланбай калууда. Эпизоотикалык сабатыбыз начардыгынан мындан төрт жыл мурда республиканы малдын дарты эбегейсиз көп каптады.

Быйылкы жылы Сузактагы 2000дөн ашык койдун жыгылышы фермерлерге сабак болушу керек. Мамлекеттин кепили жок, жеке колдон сатып алынган вакцина менен эки-үч койду эмдеп көрүп, эгер алар аман калса башкаларын эмдөө керек болчу. Айыл жергесинде караганың мал болгон соң, кайдыгерлик жарабайт. Казакстан биздин сүт азыктарыбызды албай жатканы ушундан гана чыгып жатат. Мисалы, менин уйларымдын сүтүн лаборатория такай текшерип тургандыктан, коопсуз экенине жооп бере алам. Айталы, шарп оорусуна каршы уйду алдын ала эмдесе, абадан, чөптөн тарай турган бул дартка уй туруштук берет.

Акылбек Жапаров «мал¬га паспорт чыгаруу керек» деп айтса аны шыл-дыңдаганга чейин барышты эле. Мен Акылбек баламдын сөзүнө 200 пайыз кошулуп, ошол айткан учурунда колун кысып, аябай кубаттагым келген. Анткени, адам баласы дени сак малдын этин жеп, сүтүн ичип жатабы же жокпу, билиши керек. Акылбек бул идеяны өзү ойлоп тапкан эмес. Дүйнөнүн цивилдүү өлкөлөрүндө ушундай. Кыргызстан мал чарбачылыгын сапаттуу өнүктүрүп, дүйнөлүк деңгээлге чыкса болот. Бизде дыйкан же мал чарбачылыгын изилдеп илимдин кандидаты же доктору болуп алган интеллигенттерибиз жылуу кабинеттерден чыкпай калышкан адаттары бар. Практикасы бар фермерлер менен чогуу иштеп, анда-санда кык кечип, сарайларыбызга келип турууну кыртышы сүйбөй калгандары арбын. Менин уйларымдын терисин кытай ишкерлери кыргыз балдар аркылуу 1000 сомдон сатып алып кетишет. Дени сак малдын териси кайра иштетүүгө чыдамдуу болот деп, кытайлар заманбап аппаратына салып, 1 териден 5 тери чыгарышууда, – деп ой бөлүштү фермер Адыл Садабаев.

Сүт багытындагы асыл тукум уйларды баккан Адыл ага менен жубайы Нурмира азыркыдай чоң тажрыйбага жеткенге чейин бир нече жолу кемчиликтерди кетиргендиктерин жашырышпайт. Азыр саалып жаткан уйларынын бири – Мая. Мая¬нын энеси суткесине 38 литрден сүт берчү экен. Тилекке каршы, аны уурдатып жибергенин айтып кейип алды. «Малдан мыкты натыйжа алуу үчүн 50 пайыз асыл тукум уруктандыруу, 50 пайыз тоют¬ту бергенди билип, багууну сис¬- темалуу жакшыртып туруу таасир этет. Мен жүгүрөнү майдалагычтан эки жолу өткөрүп туруп майдалап жегизем. Жүгөрүнү бүтүн бойдон бергенде анын 40 пайызы гана аш болуп, калганы «транзит» менен түз эле кайра жерге түшөт. Чөптү 2 сантиметрден майдалап жедирүү керек. Мындан бир нече жыл мурда жөнөкөй чоң уйлар болгону 15 000 сомдон сатылып турганда, мендеги асыл тукум уйдун жаңы туулган музоосун ветврачтар 10000 сомдон жерге түшөрү менен алып кетишчү. Буюрса, мына ушул жогорудагы тажрыйбаларымды бир чакан китепчеге түшүрүп, билгендеримди элим менен бөлүшсөм деген тилегим бар. Карып бара жатканда «элде болсун, эл ичинде бизде болсун» деген акыл ойго көбүрөөк жетеленет экенсиң. Менден сүт багытындагы асыл тукум уйдун тукумунан алып, билгендеримди угуп алгыла дегим келет. Элибиз жылдан эсен, айдан аман чыксын”, – деген тилегин билдиришкен эмгекчил жубайлар мени жылуу узатып калышты.

Сүрөтү Ж.Казыболотовдуку

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...