Акыркы макалалар

Нарын облусунда 15 авто мектептин экөөсү гана талапка жооп берет

Нарын облусунда 15 авто мектептин экөөсү гана талапка ылайык келет. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги басма сөз жыйында транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайрадан даярдоо боюнча мекемелердин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү, Кыргызстандын Коргоо кеңешинин өкүлү Алмаз Насыров билдирди.

“Ушундай эле кырдаал Бишкек жана Ош шаарларында түзүлгөн. Борбор калаада 40 тан ашык авто мектеп бар, алардын көпчүлүгү талапка жооп бере албайт”,-дейт ал.

А.Насыровдун айтымында, негизги кемчиликтер материалдык-техникалык, окуу-методикалык базанын, ошондой эле айдоо боюнча машыгуу аянттарынын, автомайдандардын жоктугу да негизги көйгөйлөрдөн болуп саналат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...