Акыркы макалалар

АКШ Багдадга жакын райондорго абадан сокку урууда

АКШ алгачкы жолу Ирактагы өздөрүн "Ислам мамлекети" (IŞİD) аташкан согушкерлерге каршы Багдадга жакын райондорго абадан сокку ура баштады. Бул тууралуу euronews.com булагы жазууда. Маалыматка ылайык Вашингтон согушкерлерге каршы кеңири аскердик операцияларды баштады. Бул тууралуу өткөн жумада АКШ президентти Барак Обама билдирген болчу. Алар кечээтен баштап Багдадга жакын Шенгал тоолорунун айланасын абадан аткылап жатышат. Бүгүн эле Шенгал тоолорунун айланасынан "Ислам мамлекети" (IŞİD) согушкерлеринин 6 аскердик техникасы жардырылып, бир аскердик базасы талкалангандыгы кабарланууда. Азыркыга чейин 162 сокку урулган.

Эсиңиздерге сала кетсек, мурда америкалыктар Ирактын түндүгүндө жайгашкан "Пешмерга" күрд аскерлерине жардамдашып жатышкан. Ал эми Багдадка олуттуу аскердик жана финансылык жардам көргөзүүнү Парижде өткөн 30 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан жыйында кабыл алынган. Жыйындагы билдирүүдө "Ислам мамлекети" (IŞİD) согушкерлери ошол аймакка гана эмес дүйнө коомчулугуна коркунуч жаратып жатканы айтылган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...