Акыркы макалалар

Күз-кыш мезгилине карата 2,3 млрд кВт•саат электр энергиясы жетишпейт

Күз-кыш мезгилине карата электр энергиясына болгон таңкыстык 2,3 млрд кВт•сааты түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында энергетика жана өнөр-жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди.

"Ошол таңкыстыкты жабуу керек. Андыктан отун катары колдонулган мештерди өчүрүүнү сунуштап жатабыз. Ар бир аймактарда, айылдарда штабдар түзүлүп, таңкыстыкты жабуу иш аракеттерин көрүп жатабыз. Акырындык менен маал-маалы менен болгон өчүрүүлөрдү жоюу маселесинен чыгуунун көздөп жатабыз",- деди ал.

Учурда комитетте 2014-2015-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча өкмөттүн иши каралууда.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...