Акыркы макалалар

АКШ vs.Орусия: регион үчүн кармаш же жаңы «Чоң оюн»

АКШ vs.Орусия: регион үчүн кармаш же жаңы «Чоң оюн»

Барак Обаманын экинчи мөөнөтүндөгү АКШнын маанилүү тышкы саясый кадамдарынын бири Ооганстандан НАТОнун аскердик контингентин чыгаруу жараяны болору болжонууда. Ансыз да анчейин бейпил болбогон Борбор Азия регионундагы коопсуздук маселесин курчутчу ушул жагдайга байланышкан интригалар азыртан эле башталды көрүнөт. Өзбекстан ЖККУдан чыгып, АКШ башындагы батыш менен ымаласын бекемдөө аракетинде. Ташкенттин бул кадамын америкалыктардын Ооганстандагы согуштук операциядан ашкан курал-жарактарын ээлеп калуу далалаты катары баалагандар бар. Ага жооп катары, Орусия Кыргызстанга жана Тажикстанга 1,5 млрд. АКШ доллары өлчөмүндө аскерий-техникалык жардам көрсөтөрүн орус маалымат каражаттары жазып чыкты. Америка Конгресси каржылаган «Азаттык» радиосу Кыргызстандын АКШдагы элчиси Мухтар Жумалиевден «Манас» эларалык аба бекетиндеги Транзиттик жүк ташуу борборунун (ТЖБ) 2014-жылдан кийинки макамы жөнүндө сурамыш болуп, ТЖБ аркылуу Кыргызстан АКШдан жылына 300 миллион доллардан ашык пайда көрүп атканын дагы бир жолу эске салды. Ага улай Орус өкмөт башчысы Д.Медведев кыргыз президенти А.Атамбаевге Орусия Кыргызстанга жардам иретинде 25 миллион АКШ долларын бөлүп берерин сүйүнчүлөдү. Бул ж.б. бир катар фактылар, Борбор Азия үчүн күрөш биринчи кезекте Орусия менен АКШ ортосунда жүрүп атканынан кабар берет. Аталган регион Москва үчүн держава катары мурдагы эларалык таасирин кайра калыбына келтирүү плацдармы катары маанилүү экенин мурдагы макалабызда белгилегенбиз. Ал эми Вашингдондун «алыскы» Борбор Азияга мынчалык кызыгуусунун себеби эмнеде? Бул багыттагы америкалык эксперттердин пикирлерин талдап көрөлү.

«Чоң оюн» уланууда

19-20-кылымдардагы Орусия менен Англиянын Борбор Азиядагы тирешүүсү тарыхта «Чоң оюн» деген ат менен калган. Индияны контролдогон Улуубритания жана Түркистандын көпчүлүгүн каратып алган Орусия Ооганстан, Иран жана Борбор Азия аймактарына көзөмөл орнотуу үчүн узак убакыт бою саясый-дипломатиялык күрөш жүргүзүшкөн. Бирде бул, бирде тигил тарап ийгиликке жетишкен «Чоң оюн» падышалык Орусия империясы кулап, Советтер союзу куралгандан кийин да улантылып, экинчи дүйнөлүк согуштун алдында орустардын жеңиши менен аяктаган. Анткени советтик бийлик англиялыктар орустарга каршы күрөштө катуу колдогон басмачыларды ошол учурда талкалаган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Британия Империясы өзү урап, андан аркы геосаясый араанын чектөөгө мажбур болгон. Толук үстөмдүк орното албаган Ооганстан менен Иран мындай турсун, өз колониясы болгон килейген Индияны да колдон чыгарган.

Лондондун үстүнөн болгон мындай жеңишке шыктанган Москванын арааны, тескерисинче, андан бетер ачылып, Борбор Азия регионундагы таасирин кеңейтүү аракетин дагы күчөткөн. Ошентип, өзүнө ашкере ишенүүнүн натыйжасында Совет бийликтери 1979-жылы аскерий күчтөрүн Ооганстанга киргизип, он жылда 15 миңден ашуун жоокеринен ажырап, жеңилүү ызасын тартып, осол абалда кайра чегинүүгө аргасыз болгон. Ооган согушу иш жүзүндө, Советтер союзунун урашынын негизги себептеринин бири делген менен «Чоң оюндун» аягына чекит койгон эмес. Анткени Англиянын ордун советтерди Ооганстандан сүрүп чыгууда маанилүү роль ойногон жаңы супердержава АКШ ээлеген.

Ачылган араан жана «кайра жандыруу» саясаты

АКШ Ооганстандагы ийгилиги менен чектелип калбастан, орустарды жаңы эле эгемендик алган Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан, ал тургай Казакстан менен Кавказдан да «сүрүп чыгаруу» максатын койгон. АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин эксперти Шейла Хеслин бул региондорду Москва таасиринен чыгаруунун стратегиясын иштеп чыккан. Ага ылайык Кавказ менен Борбор Азияны Орусиядан көзкарандысыз болуучу каржы булагы менен камсыздоо зарыл эле. Ошол максаттагы биринчи ири долбоор Азербайжандан Түркияга, андан ары Жер ортолук деңиз аркылуу Батышка мунай жеткирүүгө жол ачкан, 1773 км. узундуктагы жыл сайын 1,2 млн. барелл нефть өткөзчү Баку-Жейхан куурун (трубопровод) 2006-жылы ишке киргизүү болду. Бул Россияны кыйгап өткөн мурдагы СССР аймагындагы биринчи маршрут болгондуктан региондогу өлкөлөрдүн саясый автономиясын кайсыл бир деңгээлде бекемдеди. Андан түшкөн миллиарддаган нефтедолларлар да Кавказ регионунун Москвадан экономикалык көзкарандылыгын алда канча азайтты. Тескерисинче, Орусия казынасына бул транспорттук маршрут ишке киргенден тарта жылына 200 млн. АКШ доллары түшпөй калды. Перспективада ал куурга Казакстан менен Түркмөнистанды да кошуу каралган эле. Ушул ой жүзөгө ашса, Борбор Азиянын кен байлыкка эң бай бул эки өлкөсү да Орусияга азыркыга караганда алда канча тоң моюн мамиле кылуусу турган иш эле.

Деген менен Баку-Жейхан кууру аймактагы геосаясый абалды түп-тамырынан өзгөртө алган жок. Анткени андан көп өтпөй «Чоң оюнда» АКШ өзү да баш-аягын таппай калды. Америкалык аскерлердин 2001-жылы Иракка, андан соң 2003-жылы Ооганстанга кириши регионду мурдагыдан көбүрөк дестабилдештирип жиберди. Эң башкысы, бул согуштар Вашингтондун аймактагы жана глобалдык саясаттагы турумун бекемдеген жок, тескерисинче, бошоңдотуп салды.

Ирактагы «эптеп-септеп» болгон жеңиш жана Ооганстандагы мүмкүн болгон жеңилүү АКШны Борбор Азиядагы саясатын кайра карап чыгууга, керек болсо «Чоң оюндан» чыгып кетүү маселесин ойлонууга аргасыз кылды. Бирок бирден-бир супердержава болгон АКШ үчүн орто деңгээлдеги дөөлөттөрдүн катарын толуктап калган Орусиянын алдында башын ийип берүүсү өтө осол иш болмок. Обама жаңыдан бийликке келгенде Москва менен мамилелерди «кайра жандыруу» (перегрузка) маселесин көтөргөнү, балким, ошондондур. Бул жүрүштү, кайсы бир деңгээлде «Чоң оюндун» Москванын жеңиши менен аягына чыгышы деп баалагандар болгон. Деген менен региондогу оюнга дагы бир олбурлуу оюнчу Кытай активдүү аралаша баштаган.

АКШ Борбор Азиядан кол үзөбү?

Борбор Азия, жакынкы аралыкта чоң державалардын көңүл кыйырынан сыртта калбашы бышык. Кытай жана Орусия регион менен чектешет, ал эми АКШ болсо алыс жайгашканына карабай бул жакта аскерий базасын кармап, Ооганстанда абдан кымбатка турган согуш аракеттерин жүргүзүүдө (2011-каржы жылында эле Ооган операциясына 110 миллиарддан ашык АКШ доллары чыгымдалган). Ошол эле мезгилде толук бейпилдик орнобой жаткан Борбор Азияда калып, ал үчүн күрөштү улантуунун канчалык зарылчылыгы бар деген суроонун тегерегинде америкалыктар арасында кызуу талаш-тартыш жүрүүдө. Бул тууралу негизинен, төмөндөгүдөй үч пикир өкүм сүрүп келет.

1) АКШ Борбор Азия регионунан кетиш керек

Бул пикирдин жактоочулары Борбор Азияда калуу АКШ үчүн эч кандай пайда алып келбейт дешет. Демек, бул регионго багышталган жүздөгөн миллиард акчалар тек гана шамалга сапырылган самандай кетип атат. Баку-Жейхан куур долбоору маселени Американын пайдасына толук чече алган жок. Мындан бир гана утуш - мунай импорттоодо Перс булуңуна дагы бир альтернативдүү булак пайда болду. Орусиянын куйкасын куруштуруудан кооптонгон Казакстан жана Түркмөнистан бул куурга уланууну ойлоп да коюшпады.

«Кайра жандыруу» саясаты иш жүзүндө Орусиянын регионду көзөмөлдөөсүнө АКШнын берген макулдугу. Бул Кыргызстанда абалдын дестабилдешүүсүнө, Америкага ыктаган азери өкмөтүнүн тизгинди акырын Москва тарапка буруусуна алып келди. Ошондуктан америкалыктар иш жүзүндө таштап кеткен региондон али «кете элекпиз» деп өздөрүн өздөрү алдабаш керек.

Буга чейин Борбор Азиядагы эң катаал лидер деп эсептелген Андижан көтөрүлүшүн канга боёп баскан өзбек президенти И.Каримовго карата Вашингтондун жумшарышы Барак Обаманын канчалык чабал экенин көрсөтөт. Таасир үчүн күрөштө мынтип «демократия» жана «адам укугу» сыяктуу өздөрү жайылткан идеологиянын өзөгүн өздөрү өрттөп, абийирлерин айрандай төккөндөн көрө Кошмо Штаттары бул регионду Орусия менен Кытайдын талашына ташташы туура болот. Ошондо бул эки гигант «сеники эмес меники» деп чачташып жатып, бири-биринин далай тиштерин күбүйт. Бирок Борбор Азияга толук үстөмдүк орнотуу бирөөсүнө да буюрбай, ит жыгылыш абалда калат. Негизгиси, региондогу өлкөлөрдүн эгемендүүлүгү азыр эч кандай коркунучка дуушар эмес, бул АКШнын бул чөлкөмдөгү эң чоң жетишкендиги.

2) АКШ регион үчүн аягына чейин күрөшүш керек

Бул көзкарашты колдогондор убагында (1980-жылдардын аягында) Вашингтон Орто Азия үчүн күрөштү жеңип чыктык деген ишенимде Ооганстан менен Пакистанга көңүл бөлбөй, кол шилтеп коюп, канча нерсени жоготуп алганын белгилешет. АКШ эгер азыр калган Борбор Азия үчүн күрөштөн баш тартса, арадан 15 жыл өткөндөн кийин Ооганга кайтып барууга аргасыз болгондой эле, бир канча убакыттан кийин бул аймакка да кайра келүүгө мажбур болот. Бирок анда убакыттан уттуруп, көп мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгып жиберери бышык.

Ал эми орус-кытай атаандашуусу америкалыктар катышпай калса ырааттуу нуктан чыгып, өздөрүнө да, региондогу өлкөлөргө да терс таасирин тийгизет. Ошондуктан Вашингтон үчүн СССРден калган Кавказдагы жана Борбор Азиядагы жок эле дегенде 8 өлкөнү жаңы союздаш кылуу максатында эмгектенүү – аларды Орусия жана Кытай сыяктуу потенциалдуу атаандаштарга жөн эле таштап кетүүгө караганда жакшыраак.

3) АКШ региондо калыш керек, бирок бул аймакка жардам көлөмүн кыскартуусу зарыл

Бул көзкарашты колдогон «The New York Times» гезитинин саясый баяндамачысы Томас Фридмандын пикиринде, АКШнын негизги душмандары болгон Пакистан жана Сауд Аравияны курчоо үчүн Ооганстан менен Ирактагы согушту улантуу зарыл дейт (Ал 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу террордук чабуул Пакистан менен Сауд Аравиясында даярдалган). Атом бомбасы бар Исламабад жана мунайга бай Эр-Рияд менен согушуу АКШнын улуттук кызыкчылыгына жооп бербегендиктен, Ооганстан менен Иракты контролдоо аркылуу аларды тегеректеп, көзөмөлдөөгө болот. Андан сырткары, АКШ Кабул менен Багдадда демократиялык коом куруу аркылуу Пакистандагы жана Саудия Королдугунда режимдерди да өзгөртүп, алардын атомдук куралын да, мунайын да көзөмөлгө алмак.

Бул кыялдардын утопия экендигин көпкө чейин түшүнбөгөндөр АКШнын расмий структураларында да болгон. «Түшүнгөндөрү» болсо Борбор Азиядай от чыгып кетүү коркунучу бар аймакты биротоло диний радикализмдин кучагында калтырбоо үчүн ал жерден кетпеш керек деп эсептешет. Ошон үчүн Саудийлердин мунай бизнесин колдоп, пакистандыктарга курал-жарак берүүгө туура келет. «Бул куралдар кайра эле америкалыктарды ата турганын билсек да ушундай курмандыкка баруу шарт, анткени окуянын башкача өңүттө өнүгүшү АКШ үчүн мындан да кооптуу болушу ыктымал», - дешет алар.

Жагдайды жумшартуу үчүн Ооганстандагы күчтөрдү азайтып, Сауд мунайын сатып алууга чектөө киргизиш керек. Ошондо гана алар АКШдан түшкөн акчаларына шапар тээп, ойноп-жыргабай, экономикалык жана саясый реформаларды жасоого кадам таштоого аргасыз болмок.

Жыйынтык

Геосаясый оюндар эч кандай моралдык ченемдерди билбейт. Чоң кызыкчылыктар үчүн бир региондо алааматтын оңойлук менен өчпөс отун тутандырып коюу да кыйын иш эмес. Бул үчүн күчтүү державалар «бөл да, башкара бер» деген өзгөрбөс, универсалдуу эрежени колдонушат. Тышкы таасирденби же лидерлердин алысты көрө албастыгынанбы, айтор, азыр Борбор Азияда ошондой бөлүнүү тенденциясынын башы кылтайды: региондогу өлкөлөр тоолуктар жана талаалыктар, суу башындагылар жана этегиндегилер, орусиячылдар жана батышчылдар, чоң жана чакан мамлекеттер, мунайлуулар жана мунайсыздар ж.б.у.с. болуп жиктелип, бирин-бири согуш менен коркутууга чейин барышууда. Муну менен дүйнөлүк оюнчулар жайган торго, сунган кылтакка жемге алданган куштай өздөрү түшүп берүүдө. Ошондуктан Борбор Азия бейпилдигин ишенимдүү камсыздаган бир гана фактор ички бекем ынтымак жана күчтүү интеграция экенин түшүнчүү мезгил келди...

Түп нускага шилтеме : kyr.24.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...